Мавлян Аскарбековдун иши боюнча кийинки сот отуруму 24-августка белгиленди

20-августта Бишкек шаарынын Ленин райондук сотунда сасатчы Мавлян Аскарбековдун иши боюнча алдын ала угуу өттү. Кийинки сот отуруму 24-августка белгиленди.  

Мавлян Аскарбековго Фейсбуктагы баракчасына жазган билдирүүсүнө байланыштуу кылмыш иши козголгонун анын адвокаты Эрик Ирискулбеков сот башталаар алдында журналисттерге билдирди.

Мавялн Аскарбеков сот залынан чыккандан кийин мындай деп билдирди:  

«Президент өлкөдө сөз эркиндиги бар деди. Мен өз оюмду өкмөткө кайрылуу менен айттым. Жашыруун видео монтаж болгон» деди Мавлян Аскарбеков.

13-июнда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту активист Мавлян Аскарбековду 12-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Мавлян Аскарбеков Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) тергөө абагына камалды.

Аскарбековго кастыкты козутуу беренеси боюнча айып коюлууда. 12-июнда активист Мавлян Аскарбеков кармалган.

Кармалаар күндүн алдында Мавлян Аскарбеков  чагымчыл билдирүүлөр таратылып жатканын соцтармакка жазган. Социалдык тармактагы жеке баракчаларда Аскарбековду каралаган билдирүүлөр да жарыяланган.

Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү коомдук-саясий турмушка өз көз карашын билдирип келет, анын ичинде сынчыл пикирлери да орун алган.   

Арихивдик сүрөт: Мавлян Аскарбеков. shailoo.gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты