Массалык башаламандык уюштурууга шектелип, Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды

  • 1 месяц мурун

Ички иштер министрлиги (ИИМ) тарабынан массалык башаламандык уюштурууга шектелип Курсан Асанов менен Аалы Карашев кармалды.

ИИМ маалыматында кармалгандар 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А. деп берилген.

Буга чейин (ИИМ) тарабынан массалык баш-аламандык уюштурууга шектүү Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев жана Курманбек Дыйканбаев башаламандыкты уюштурууга шектелип кармалган.

“Булардын мындай иш аракеттери коомдогу саясий чыңалууга, коомдук ажырымга алып келмек. Ошондой эле өлкөдөгү туруктуулукту солгундатып, жалпы команданын ички биримдигине терс таасир тийгизүүгө максатталган деп айтылат” ИИМ маалыматында.

Аталган факты боюнча ИИМдин Тергөө кызматы тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин 1-бөлүмүндө (Массалык башаламандыктар) көрсөтүлгөн кылмыштын белгилери менен кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө, бул кылмыш ишинин демилгечилери жана активдүү катышуучулары катары дагы эки жаран аныкталып, кармалган: 1966-жылы туулган А.К жана 1968-жылы туулган К.А.  (Аалы Карашев жана Курсан Асанов-ред.)  

Алар массалык башаламандыктарды уюштурууга жана башка кылмыштарга катышы бар деген негизде шектелүүдө.

Шектүүлөр жазык-процессуалдык кодексинин 96-беренесинин негизинде кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Кармалган жарандардын жашаган даректеринде тинтүү иштери жүргүзүлдү.

Баштапкы маалыматтар боюнча, алар айрым жарандарды бириктирген топ түзүп, мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо өткөрүү боюнча кайрылууларды уюштурууга жана коомчулук арасында такталбаган маалыматтарды жайылтууга аракеттенишкен.

Учурда бардык фактылар боюнча тергөө улантылууда.

Кыргызстандын белгилүү коомдук-саясий ишмерлери, көрүнүктүү адамдары, анын арасында экс-премьерлер,экс-депутаттар, окумуштуулар мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоону тез арада өткөрүү демилгеси менен президент Садыр Жапаровго, Жогорку Кеңештин төрагасы Тургунбек уулу Нурланбекке кайрылуу жолдоду.

Кайрылууга кол койгон 75 адам президенттик шайлоону мөөнөтүнөн мурда өткөрүү демилгесин көтөргөн. Бул тизменин арасында Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Курманбек Дыйканбаев, Аалы Карашев, Курсан Асанов ж.б. бар.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты