“Манас” эпосу жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү мыйзамына кол коюлду
- 1 месяц мурун
Президент Садыр Жапаров “Манас” эпосу жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамга 11-февралда кол койду.
Мыйзам 2024-жылдын 26-декабрында Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган.
Мыйзам менен “Манас” эпосунун үчилтигин жазып алуу, сактоо, өнүктүрүү, даңазалоо, жайылтуу, коргоо жана көзөмөлдөө жаатындагы мамлекеттик иштер белгиленген.
“Манас” эпосунун үчилтигинин классикалык жана башка варианттарынын тексттерин баяндоодо жана башка тилдерге которууда анын идеяларынын жана идеологиясынын бурмаланышынан, жок кылуу аракеттеринен, мазмунун өзгөртүп жиберүүдөн коргоо жана салттуу баяндоонун алкагын сактоо боюнча чараларды көзөмөлдөө ж.б. иштери каралган.
Мыйзам менен ошондой эле, “Манас” эпосунун үчилтигинин классикалык варианттары болуп манасчылар Сагымбай Орозбаковдун жана Саякбай Каралаевдин айтуусундагы варианттары саналат деп бекитилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан