Мамлекеттик маанилүү иш-чаралар учурунда жол кыймылына убактылуу чектөө киргизилет
- 4 недели мурун
- Жаңылыктар
Алдыда өтө турган мамлекеттик маанидеги иш-чараларды өткөрүү учурунда,
29-августтан 6-сентябрга чейин ички иштер органдарынын кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөп, коомдук тартипти сактоого, жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылууга өзгөчө көңүл бурулат.
Бул тууралуу Ички иштер министрлигининбасма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын, Чүй жана Ысык-Көл облустарынын аймагындагы айрым жол тилкелеринде убактылуу чектөөлөр киргизилип, транспорт каражаттарынын кыймылы мезгил-мезгили менен убактылуу жабылат.
Урматтуу тургундар жана айдоочулар! Мамлекеттик маанидеги иш-чараларга байланыштуу киргизилүүчү убактылуу чектөөлөргө түшүнүү менен мамиле кылууңуздарды өтүнөбүз. Жол тыгындарынын алдын алуу максатында каттамдарыңызды алдын ала пландап, мүмкүнчүлүккө жараша сапарга чыгуудан убактылуу баш тартууну суранат.
Ошондой эле жол кыймылын жөнгө салып жаткан милиция кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарын так сактоону өтүнөт.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 2026-жылдын 31-августунан 6-сентябрына чейин өтөт.
Иллюстрациялык сүрөт: ИИМ




