Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)

10-май күнү  “Дастан” трансулуттук корпорациясы башкармалыгынын мурдагы төрагасы Алексей Ширшов коррупцияга шектелип кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирген. 

Маалыматка ылайык, Алексей Ширшов  Ысык-Көлдөгү «Аврора плюс» эс алуу жайындагы ондогон кымбат батирлерди мамлекеттин карамагынан мыйзамсыз чыгарып алууга аралашкан деген айып менен кармалган. Бирок көп өтпөй Ширшов Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчү менен үй камагына кайра чыгарылган.

Жогорку Кеңештин депутаты Жанар Акаев Ширшовдун үй камагына чыгарылышын сындап, бул коррупция менен күрөшүүгө терс таасир бере турганын айткан.  Бул боюнча өлкө башчысы Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу түшүндүрмө берип, чын эле буга чейин Алексей Ширшов менен жолукканын жана ал Максим Бакиевдин 200 миллион долларын мамлекетке кайтаруу сунушун айтканын билдирген.

Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)

Садыр Жапаров Алексей Ширшовго 2010-жылы бир да кылмыш иши козголбогону жана издөөдө болбогону үчүн кабыл алганын баса белгилеген.  

“Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти. “Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. Кыргызстанда бекен десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты. Мен дароо Баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле!” деп тапшырма бердим. Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти. “Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды”,- деп айткан.  

“ПолитКлиника” медиасы президент Садыр Жапаровдун Ширшовдун кылмыш иши жоктугу тууралуу айткандарын текшерип көрдү. 

Алексей Ширшов жана Бакиевдердин убагындагы көмүскө схемалары 

Алексей Ширшов 2007-жылдын декабрь айынан тартып 2010-жылга чейин «Дастан» ААК трансулуттук корпорациясынын башкармалыгынын төрагасы болуп иштеген. Маалыматка ылайык, Ширшов мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максимдин жакын өнөктөшү жана энергетика тармагындагы ири коррупциялык схемалардын автору катары белгилүү болгон. 

Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)

Анын ысымы Кыргызстандын энергетикасы менен тыгыз байланышып «Ширшов схемалары» деген сөз айкашы да жаралган. 

Энергетика боюнча эксперт Бийназар Бердикеев “Азаттык” радиосуна берген маегинде “Ширшов схемасы” жоопкерсиздикке жана коррупия чулганган схема экенин түшүндүрүп берген. 

“Ширшов убагында энергетика тармагынын бардык тепкичине, тактап айтканда, сырттан келген инвестицияны бөлүштүрүүдөн, тендерден баштап, электр энергиясын керектөөчүлөргө сатканга чейинки иштердин баарына өз кишилерин дайындаган. Ширшовдун схемасы деген — бул жоопкерсиздик. Бул адамдар биринин кылганын экинчиси жашырып, эч ким эч нерсеге жооп бербей иш жасап келген. Уурулук кылган. Бүтүндөй бир мамлекеттин байлыгын белгилүү бир топтун кишилери гана майкандап турган”,- деп белгилеген. 

Башкача айтканда, 2010-жылга чейин Максим Бакиевдин таасири Кыргызстанда күчтүү болуп турганда Алексей Ширшов энергетика тармагын толук көзөмөлдөп турган. Мындан сырткары ортомчу компаниялар жана адамдар аркылуу Кыргызстандагы сууну ири акчага сатып турганы да айтылган. 

Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иштери 

2010-жылы 7-апрелдеги окуядан кийин Курманбек Бакиевдин бийлиги кулап анын жакын чөйрөсундөгү “коррупцияга тиешеси бар” деген адамдарга кылмыш иштери козголо баштаган. 

Жалпысынан  Максим Бакиев башында турган шылуундардын уюшкан тобу деп шектелген 32 адамга кылмыш иши козголгон. Алардын негизги башчылары катары Алексей Елисеев, Михаил Надель, Алексей Ширшов, Евгений Гуревичтер аталып, алар жалпысынан 19 кылмыш иши боюнча айыпталышкан.

Булар негизинен мүлктү мыйзамсыз тартып алуу, кылмыштуу жол менен келген акча каражаттарын адалдоо жана каржылык көз боёмочулук сыяктуу оор экономикалык кылмыштар болгон.

2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Алексей Ширшов өлкөдөн чыгып кетип, ага Интерпол тарабынан издөө жарыяланган. 2010-жылдын июнь айында Убактылуу Өкмөт Ширшовдун кайда экени тууралуу маалымат үчүн 100 миң доллар төлөөгө да даяр болгон.

Ошондой эле Интерпол ошол жылдары  Максим Бакиевди жана туугандарын, анын ичинде Алексей Ширшовго да эл аралык издөө жарыялаган. 

Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)
Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)

Азыркы учурда Интерполдун сайтынан бул маалыматтарды табуу мүмкүн болгон жок. Бирок ошол жылдары Ширшов жана Максим Бакиевге карата издөө жарыяланганы чындык. 

Ал эми  act.sot.kg сайтында Алексей Ширшовго байланыштуу эки кылмыш иши бар. 

Алардын биринде Алексей Ширшовго жана чөйрөсүндөгүлөргө  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренесине (Уюшкан кылмыштуу топ тарабынан ири өлчөмдөгү кылмыштуу кирешелерди адалдоо) беренесине ылайык козголгон. 

Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)

Аталган иш 2015-жылы каралып, бирок сотто кандай жыйынтык чыгарылганы көрсөтүлбөй калган. Ошондой эле иштин статусу “каралууда” деген пункт менен белгиленген. Башкача айтканда, аталган иштин жабылып же жүрүп жатканы так көрсөтүлгөн эмес. 

Алексей Ширшовго козголгон экинчи кылмыш ишинде да жогорудагыдай эле соттун жыйынтыгы көрсөтүлбөй калган.  2018-жылы да Кылмыш жаза кодексинин 183-беренеси боюнча Алексей Ширшовдун жана дагы төрт адамдын иши каралган. 

Президент Садыр Жапаровдун Алексей Ширшовго козголгон кылмыш иши боюнча айткан маалыматы калп (Фактчекинг)

Бул иштин актылары дагы сайтка жүктөлгөн эмес. 

“Kaktus.media” сайтынын Жогорку Сотко шилтеме берүү менен жазган кабарына ылайык, Алексей Ширшов  Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук сотунун 2015-жылдын 19-январындагы өкүмү менен кылмышка тиешеси жок деп табылып төмөнкү беренелер боюнча акталган.

Алар:

  1. 171-берене  «Ишенип берилген мүлктү өткөрүп берүү же ысырап кылуу»;
  1.  215-берене «Финансылык пайданы мыйзамсыз берүү же алуу»;
  1. 166-берене «Алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу тарабынан алдамчылык кылуу»;
  1. 306-берене  «Келишим түзүү, бир адамдардын тобу тарабынан Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына карама-каршы келген мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүү» беренелери боюнча акталган. 

Бирок Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 221-беренеси «Коммерциялык же башка уюмдардын кызматкерлеринин ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануусу оор кесепеттерге алып келген, ошого тете коммерциялык же башка уюмдун ээсин анын эркине каршы алмаштыруу» беренеси боюнча күнөөлүү деп табылган. 

Бул үчүн ал үч жылдык мөөнөткө эркиндигинен ажыратууга жазаланган.

Мындан сырткары act.sot.kg сайтында белгиленген 183-берене боюнча да иш эмне менен бүтөкөнү билинбей калган. 

Башкача айтканда, Алексей Ширшовго карата 2010-жылы бийлик алмашкандан кийин бир канча ирет кылмыш иши козголгон. 

Жыйынтык: Садыр Жапаровдун “Алексей Ширшовго бийлик алмашкандан кийин издөө жарыяланбай, кылмыш иши козголгон эмес” деген сөзү калп. 

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты