«Мамлекет үчүн арам эч нерсе жок». Президент казино тууралуу
- 1 год мурун
Президент Садыр Жапаров 8-апрелде “Кабар” агенттигине берген маегинде казино маселесине токтолуп, коомчулукта казино ачууну сындагандарга жооп берди.
«Мамлекет үчүн арам эч нерсе жок. Мамлекеттин кызыкчылыгы биринчи орунда турушу керек. Мен жеке өзүм үчүн жасап жаткан болсом, анда арам нерсени жасап атасың дешсе болот эле. Казиного уруксат берерибиз менен өлкөбүзгө инвесторлор агылып келди» деди президент.
«Ким 5 жылдыздуу мейманкана салса, лицензия беребиз деген шарт койгонбуз да. Азыр ушул тапта 10го жакын беш жылдыздуу, бир 7 жылдыздуу мейманкана салынып жатат. Бул 3 миллиарддан ашуун инвестиция кирди деген сөз. “Достук”, “Саякат”, мындан сырткары “Ак-кеме” мейманканалары инвесторлор тарабынан беш жылдыздуу болуп курулуп жатат. “Саякаттын” ордуна жаңы мейманкананын курулуш иштери башталды. Ош, Жалал-Абад, Баткенге да 5 жылдыздуу мейманкаларды куруу үчүн жер сурап жүрүшөт» деди президент.
«Кыскасын айтканда казиного лицензия берүү менен мамлекет уттурган жок. Утушта гана болду».
Мамлекет башчы казиного бир да кыргыз жараны кирбегенин билдирди.
“Бишкекте 3 казино иштеп жатат. Ушул күнгө чейин бир дагы кыргыз жараны кирген жок. Кирбейт дагы. Казинону кайтарган милиция кызматкерлери көзөмөлдөп турушат. Видео жазуу дагы бар. Эгер кыргыз жараны кирген казино аныкталып калса, анда ал казино автоматтык түрдө жабылат» деди президент.
2022-жылы 30-июнда президент Садыр Жапаров казинонун ишине уруксат берген мыйзам долбооруна кол койгон. Ошондон бери өлкөдө казино иштетүү мыйзамдуу болуп эсептелет.
Ушул жылдын август айында Кыргызстандын бюджетине казинодон түшкөн каражат 43 млн сомду түздү. Бул тууралуу Kaktus.kg Финансы министрлиги берген маалыматтарга таянып жазып чыкты. Маалыматта айтылгандай, жалпысынан жыл башынан бери (январь-июль) бюджетке казинодон 172 миллион 97,7 миң сом түшкөн.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




