Президент казинонун ишине уруксат берген мыйзам долбооруна кол койду

  • 2 года мурун

Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасындагы оюн иши жөнүндө” жана “Оюн ишинин маселелери боюнча айрым мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамдарына кол койду. Бул тууралуу 30-июнда мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Түшүндүрмөдө мыйзам инвестицияларды тартуу аркылуу мамлекеттик бюджетке кошумча ресурстарды алып келүү үчүн жазылганы айтылат.

Кумарканаларды балдар бакчасынын, мектептердин, университеттердин, окуу, маданий, медициналык жана диний мекемелердин, ошондой эле турак жай имараттарында ачууга болбойт. Оюн-зоок жайларына кыргызстандыктар, 21 жашка чыга элек чет элдик жарандар, ишке жараксыз чет элдиктер кардар катары кире албайт.

Казинонун бир оюн ойнолуучу үстөлү (1 флот) үчүн салыктын өлчөмү 2022-жылы 750 миң сом, 2023-жылы бир миллион, 2024-жылдан тартып 1 млн. 250 миң сом болору белгилүү болду.

Аталган мыйзам долбоорлору 22 -июнда Жогорку Кеңеште экинчи жана үчүнчү окууда талаш менен кабыл алынган.

Бул мыйзам долбоорлору талкууга коюлгандан бери өлкөнүн бир катар аймактарында казиного каршы акциялар өткөн.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты