Кыргыз-кытай инвестициялык форуму өттү  

Бишкекте бүгүн, 28-августта, «Кыргызстан – Кытай: биргелешкен өнүгүү жана гүлдөп-өсүү жолунда» аталышындагы кыргыз-кытай инвестициялык форуму өттү.

Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат жарыяланды.

Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков эки өлкө ортосундагы мамилелер жогорку деңгээлдеги ишенимге негизделип, учурда конкреттүү ири инвестициялык долбоорлор ишке ашырылып жатканын билдирди.

Статистикалык маалыматтар боюнча, 2021-2025-жылдар аралыгында Кытайдан Кыргызстанга келген түз чет өлкөлүк инвестициялардын көлөмү болжол менен 1,85 млрд долларды түзгөн.

Ал эми, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу кызматташтыктын жаңы этабын баштаганы, ал Кытай менен Борбор Азия жана анын сыртындагы рынокторду байланыштырган жаңы экономикалык коридорду түзүүгө, логистика, индустриалдык парктар жана экспортко багытталган өндүрүш үчүн мүмкүнчүлүктөрдү ачаары белгиленди. 

Форумда соодага негизделген моделден инвестициялык жана өндүрүштүк кооперацияга өтүү каралып, анда өнөр жай жана өндүрүштү локалдаштыруу, энергетика жана жашыл экономика, айыл чарба жана кайра иштетүү, санариптештирүү жана инновация тармактарында жаңы инвестициялар үчүн өзгөчө мүмкүнчүлүктөр бар экендиги белгиленди. 

Форумдун жыйынтыгында бир катар документтерге кол коюлду. 

Кыргыз-кытай инвестициялык форуму өттү  

Сүрөттөр: gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты