Мамдума депутаты: «Вагнер» мындан ары Украинадагы согушка катышпайт

  • 11 месяцев мурун

“Вагнер” жеке аскердик компаниясынын негиздөөчүсү Евгений Пригожин козголоңдон бир нече күн мурун Орусиянын Коргоо министрлиги менен келишим түзүүдөн баш тарткан, андан кийин анын компаниясы “атайын аскердик операцияга” катышпай турганын билдирген.

Бул тууралуу Мамлекеттик Думанын коргоо комитетинин төрагасы Андрей Картаполов билдирди.

Анын айтымында, Пригожинге бул учурда “Вагнер” атайын аскердик операцияга катышпай турганы, башкача айтканда, эч кандай каражат же материалдык ресурстар бөлүнбөй турганы маалымдалган.

«Вагнерчилер» мындан ары Украинада согушпай турганын Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын башчысы Кирилл Буданов да билдирди. Ал бул ийгиликсиз козголоңдун кесепеттери экенин белгилейт.

Жакында Коргоо министрлиги согуштук аймактагы бардык бөлүктөрдөн 1-июлга чейин келишим түзүүнү талап кылган. Бул талапка каршылык билдирген Пригожин көп өтпөй козголоң чыгарган.

24-июнга караган түнү «вагнерчилер» Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алышкан. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин «кан төгүүнүн алдын алуу үчүн» артка кайтышарын күтүүсүздөн жарыялаган. Белустун лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин ишембиде «куралдуу көтөрүлүштү» токтотуп, артка кайткан Евгений Пригожин өзү дагы Беларуска кетери маалымдалган.

Сүрөт: TASS.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты