Малик Бектурганов башкы прокурор болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
- Жаңылыктар
Малик Бектурганов Кыргыз Республикасынын башкы прокурору болуп дайындалды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.
Ал эми дагы бир жарлык менен Малик Бектурганов башкы прокурордун биринчи орун басары кызматынан бошотулду.
Маалымат президенттин расмий сайтында жарыя болду.
Бүгүн, 9-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Малик Бектургановду башкы прокурор дайындоого макулдук берди.
Буга чейин башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлгөн. Ал эми башкы прокурор Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды.
Сүрөт: kenesh.kg
Муну бөлүшүү




