Башкы прокурордун экс-орун басары Кубан Адыл уулу 12 жылга эркинен ажыратылды  

  • 2 месяца мурун

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу 12 жылга эркинен ажыратылды.

Мындай чечимди Аламүдүн райондук соту чыгарды.

Башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулуна 2024-жылы кылмыш-жаза кодексинин «Массалык баш аламандыктар», «Уюшкан топту түзүү же ага катышуу», «Уюшкан топторду жана кылмыштуу коомдоштуктарды каржылоо», «Бийликти күч менен басып алуу» беренелери боюнча айып коюлууда. Аны менен бирге кармалган адамдарга да айып коюлган.   

Бул иштин алкагында кармалган дагы сегиз адамга өкүм чыгарылып, алар 8 жылдан 13 жылга чейин эркинен ажыратылды.

Тергөөнүн маалыматы боюнча, 2024-жылы 17-ноябрда  жергиликтүү кеңештерге шайлоо күнү массалык баш аламандык уюштурууга бийликти кулатууну пландоого айыпталган топ адамдар кармалган.

Алардын арасында башкы прокурордун мурдагы орун басары Кубан Адыл уулу да бар.

Кубан Адыл уулу президент Садыр Жапаровдун тескемеси менен 2024-жылы 30-апрелде башкы прокурордун орун басары кызматынан бошотулган.  

Биринчи май сотунун 2024-жылдын 12-ноябрдагы токтому менен, Ички иштер министрлигинин тергөө кызматынын тергөөчүсүнүн сунуштамасы канаттандырылып,  Кубан Адыл уулу 2025-жылдын 10-январына чейин камакка алынган.

Сүрөттө: Кубан Адыл уулу.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты