Юстиция министри Баетов айкалыштырып иштөө менен Стратегиялык демилгелер институтунун директору болуп дайындалды
- 1 месяц мурун
Юстиция министри Аяз Баетов айкалыштырып иштөө менен президентке караштуу Стратегиялык демилгелер улуттук институтунун директору болуп дайындалды.
Бул тууралуу мамлекет башчы Садыр Жапаровдун «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызмат тутумунун натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократияны кыскартуу боюнча кошумча чаралар жөнүндө» жарлыгы чыккандыгы президенттин сайтында маалымдалды.
Бул чара мамлекеттик кызмат системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу жана бюрократиядан арылтуу боюнча милдеттерди ишке ашыруунун алкагында ишке ашырылганы айтылды.
Мамлекеттик бийлик органдарынын өз ара аракеттенүүсүн координациялоо жана камсыз кылуу боюнча ыйгарым укуктарды жүктөө менен 2025-жылдын 1-октябрына чейинки мезгилде Баетовго Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басарынын статусу берилмекчи.
Сүрөттө: Аяз Баетов. gov.kg