Максат Асаналиев УКМК төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды

  • 2 недели мурун

Башкы прокурор Максат Асаналиевдин берген арызына ылайык кызматтан кетүүсү кабыл алынды. Максат Асаналиев Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) төрагасынын милдетин аткаруучу болуп дайындалды. 

Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасынын кызмат ордуна дайындоо үчүн Максат Асаналиевдин талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Башкы прокурордун милдетин убактылуу аткаруу Башкы прокурордун биринчи орун басары Малик Бектургановго жүктөлдү.

УКМК төрагасы Жумгалбек Шабданбеков башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу кызматынан бошотулду.

Сүрөттө: Максат Асаналиев   

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты