“Шаардык кеңеш керекпи деген суроо туулат”. Депутат Бишкек жана Ош шаарларынын статусун өзгөртүү мыйзам долбоору тууралуу
- 4 недели мурун
Бүгүн, 20-майда, Жогорку Кеңештин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот, укук, маселелери комитетинин жыйынында депутат Гуля Кожокулова Бишкек жана Ош шаарларынын статусун өзгөртүү боюнча мыйзам долбоору 3-окууда кароого сунушталып жаткан учурда, Бишкек жана Ош шаарларынын кеңештеринин өкүлдөрү, мэрлери чакырылбаганын, алар бул боюнча бир да жыйынга катышпаганын, алардын ой-пикирин суралбаганын билдирди.
-Бул мыйзам долбоору менен шаардык кеңештердин ыйгарым укуктарын иш жүзүндө мэрлерге берип жатабыз. Анда бизге шаардык кеңеш керекпи деген суроо туулат. Эгер дээрлик бардык маселелерди мэр чечсе. Бул жерде шаардык кеңештин депутаттары жада калса, мэрге, вице-мэрге, департамент башчыларына — эч кимге эскертүү да жасай албай калат экен. Макул, бүт аппарат мэр тарабынан дайындалат экен, бирок жетекчилер да бар да. Эгер депутаттар бул маселеде эч нерсе чечпесе, анда шаардык кеңештин кереги барбы деген суроо туулат. Алардын отчеттору кароого коюлбайт. Мындай маселе таптакыр туура эмес деп эсептейм, -деди депутат Гуля Кожокулова.
Мыйзам долбоорунун авторлорунун бири Чыңгыз Ажибаев шаардык кеңештин депутаттары мурдагыдай эле бюджетти бекитээрин айтты.
Гуля Кожокулова шаардык кеңештин депутаттарынын ыйгарым укуктары боюнча, шаардык кеңеш муниципалдык кызмат тууралуу тарифтерди гана бекитерин билдирди. Бул бюджет эмес, муниципалдык кызмат тарифтери экенин белгиледи. Ал эми бюджетти мэр гана карайт жана чечет. Шаардык кеңеш үй жаныбарларын кармоонун тартибин талкуулайт. Мына ушул маселени балким, мэр караса болмок. Шаардык кеңештин депутаттарынын аймактык бөлүмдөрүнүн жетекчилерине ишеним көрсөтпөө тууралуу ыйгарым укуктары алынып салыныптыр. Мэрдин анын баарына жооп берүүгө убактысы да жетпейт.
Депутат Гуля Кожокулова мыйзам долбоорун 2-окууга кайтаруу сунушун киргизди.
Анын сунушу өткөн жок.
Комитет Бишкек жана Ош шаарларынын статусу тууралуу мыйзам долбоорун 3-окууда Жогорку Кеңеште кароого сунуштады. Мыйзам долбооруна Гуля Кожокулова каршы добуш берди.
4-февралда парламенттин конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин отурумунда “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Борбордун статусу жөнүндө” жана “Ош шаарынын статусу жөнүндө” мыйзамдарына) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору биринчи окууда каралып, колдоого ээ болду.
Демилгечилер – депутаттар Чыңгыз Ажибаев, Ырысбек Атажанов, Русланбек Жакышов, Кубанычбек Самаков, Динара Ашимова.
Демилгечилердин бири, депутат Чыңгыз Ажибаев белгилегендей, мыйзам долбоорунун максаты жана милдети жергиликтүү өз алдынча башкаруу чөйрөсүндөгү колдонуудагы мыйзамдарды, тактап айтканда “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” бир түрдүү системага келтирүү (унификациялоо) болуп саналат.
Сүрөттө: Гуля Кожокулова. kenesh.kg