Депутаттар Темирлан Султанбековдун абак жайындагы абалына тынчсызданышты
- 2 месяца мурун
Бүгүн, 29-январда, Жаза аткаруу кызматынын башчысынын орун басары Кемел Садыков парламентке мыйзам долбоору менен келген учурда бир катар депутаттар “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун абак жайындагы абалына тынчсыздануу менен суроо узатышты.
Депутат Камила Талиева Султанбековдун 70 күндөн бери ачкачылык кармап жатканын окуганын жана сотто анын эси-ооп калган абалга келгенин белгиледи.
-Бүгүнкү күндө 26 жаштагы Султанбеков, Кыргыз мамлекетинин жараны, шектүү болуп, 70 күнгө жакын ачкачылык жарыялаптыр, анын ден соолугу кандай коркунучтуу абалда. Ал бала эси-ооп да жыгылыптыр. Ал кылмышкер эмес да, азырынча шектүү, айыпталуучу. Ага ким жооп берет? 70 күн ачкачылык кармайт деген эмне? -деди депутат Талиева.
Ага жаза аткаруу кызматынын төрагасынын орун басары Кемел Садыков мындайча жооп берди:
-Анын, ал эле эмес, башка айыпталуучулардын ден соолугу биздин медициналык кызматкерлердин көзөмөлүндө болуш керек. Эми өз эрки экен, аны менен да түшүндүрүү иштерди жүргүзүп жатышат, медиктер дагы, ден соолугуна залака келиши мүмкүн деп, аны менен иштерди жүргүзүп жатабыз, жөн эле койгон жокпуз,-деди Садыков.
Ошондой эле Султанбековдун жактоочуларына СИЗОго кирүүгө уруксат бар экени, ал эми туугандары же жакындары тергөөнүн же соттун уруксаты менен кирүүгө болорун кошумчалады.
Депутат Гуля Кожокулова Темирлан Султанбеков боюнча тергөө жүргүзүлбөй жатканы боюнча прокуратура өкүлүнө суроо берди. Эмнеге иштер узак тергелип жатканын коомчулук, адвокаттар көтөрүп жатат, абакта камалып жаткан ошол эле жаш саясатчы Темирлан Султанбеков боюнча эки айдан бери бир да тергөө амалы жүргүзүлбөй жатканына, прокурордук надзор кайда караганына кызыкты.
“Акыркы убактагы катуу чыккан иш, жаш саясатчы Султанбеков эки айдан бери бир да тергөө амалдары жүргүзүлбөй жатканын айтууда. Андай иштер көп, СИЗОдо толтура, бизде эмне де-криминализация эмес, криминализация болуп жатабы? Биздин прокурордук надзор деген кайда?” деди депутат Кожокулова.
Прокуратура өкүлү бир-эки ай тергөө жүрөөрүн, айрым учурда, экспертиза керек болгондо, андай иштердин тергөө мөөнөтү узартыларын айтты. Ал эми Султанбековдун иши менен тааныш эместигин, ал боюнча жооп бере албасын айтты.
Бүгүн, 29-январда, Бишкек шаардык соту “Социал-демократтар” партиясынын төрагасы Темирлан Султанбековдун жана партия мүчөсү Ирина Карамушкина менен тарапташы Роза Түрксевердин баш коргоо чарасы боюнча арызды карап, райондук соттун камакка калтыруу чечимин өзгөртүүсүз калтырды.
21-январда Бишкек шаардык соту «Социал-демократтар» партиясынын камактагы лидери Темирлан Султанбековдун бөгөт чарасын өзгөртүүсүз калтыруу чечимин кабыл алды.
2024-жылдын 14-ноябрында Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы (ШИИББ) Султанбековго, Карамушкинага жана Турксеверге кылмыш-жаза кодексинин 196-беренесинин 1-бөлүгүнүн (шайлоочулардын добуштарын сатып алуу) негизинде кылмыш ишин козгоп, камакка алган.
Мындан улам Султанбеков тергөө абагында ачкачылык жарыялаган. Темирлан Султанбеков 76 күндөн бери абакта ачкачылык кармоону улантууда.
Сүрөттө: Темирлан Султанбеков. Интернет булактарынан