Маданият министринин орун басары Тагаев TikTok түйүнүн бөгөттөө чечимин кайра кароону сунуштады

  • 3 месяца мурун

Маданият, маалымат жана жаштар сасаты министрлигинин коллегиясында министрдин орун басары Марат Тагаев Тик-Ток социалдык түйүнүн бөгөттөө чечимин кайра карооону сунуштады.

Тагаев кечээ, 18-февралда Жогорку Кеңеште да Тик-Токту бөгөттөө чечимин кайра кароо сунушталыганын айтты. Тик-Ток иш жүзүндө бөгөттөлгөнү,  менен аны VPN менен пайдаланып жаткандыгын кошумчалады. Тик-Токту бөгөттөө айрым жарандардын ишкерлик иштерине тоскоолдук жаралы жатканы да белгиленди.  

2025-жылы 23-январда Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев менен Дастан Бекешев укук бузуулар тууралуу мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда Кыргызстанда «ТикТок» платформасына уруксат берүүнү сунуштаган.

Марлен Маматалиев мындай деген сунушун билдирди:

-Бүгүн биз «ТикТокту» жаптык, бирок VPN менен кичине балдардан тартып, чоң балдарга чейин кадимкидей эле колдонот. Мурда балдардын каякка кирип жатканын көрө алчусуз, азыр көрө албайсыз, башка учурларда VPNди өчүрүп коет, текшерем десеңиз. Азыр «ТикТоктун» Орто Азиядагы директору кыргыз бала болуптур, Биз «ТикТокту» де-юре жапканыбыз менен, де-факто иштеп жатат. Кыргыз бала болсо, өкүл ачып берейин, кандай сигнал болбосун, мыйзамсыз нерсени ким, кайдан жазып жаткандыгын таап берейин деген сунуш менен келип жатыптыр. Биз жаап койсок эле, ошону менен жабылып калды деп жатабыз. Андай эмес, жаш балдардын киргени кирген. Жаш балдарды ар кандай жаман нерседен сактоого деп жапкан элек, бирок аягына чыга албай жатабыз. Ошол баланы таап, өкүлчүлүк ачса, ачышсын деп сүйлөшүп көрбөйлүбү?-деген депутат Маматалиев.

Ошондой эле депутат Дастан Бекешев да Маматалиевдин айткандарын колдой турганын айткан.

-Мен Марлен Абдрахмановичтин (Маматалиев-ред.) сунушун колдойм, «ТикТокту» ачыш керек, бул биздин өлкөнү, ишкерлерди, маданиятыбызды жарнамалоого жакшы аянтча, «ТикТок» аркылуу кооз жерлерибизди көрсөтүп, туристтерге жол ачууга болот. Ошондуктан мен Министрлер кабинети ушуну карап чыгып, Тик-Токту ачууну ойлонсо деп сунуштайм, -деди депутат Бекешев.  

2023-жылы 30-августта маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги Кыргызстанда «ТикТокту» колдонууга тыюу салган чечим кабыл алган. Мекеме буга соңку учурда бул социалдык тармак балдардын психикалык өнүгүүсүнө, саламаттыгына терс таасир тийгизип жатканына кабатырланган кайрылуулар көбөйгөнүн негиз кылган. Бул чечимди ишке ашыруу үчүн Санарип өнүктүрүү министрлигине кат жөнөтүлгөнүн кошумчалаган.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты