Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары УКМК алдына чогулду

  • 2 года мурун

«Ата Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары, Улуттук коопсуздук комитетинин алдына акыйкаттык талап кылып чогулушту.

Чогулгандар 28-ноябрда өткөн парламенттик шайлоонун алдын ала жыйынтыктарына нааразы экенин жана партиянын лидери Өмүрбек Текебаевге кол салынгандар табылып жана жаза алышын талап кылышты.

Партиянын өкүлү Али Токтакунов криминалдык чөйрөдө дагы үй бүлөлүк баалуулуктар кол тийгис экенин белгилеп кетти.

Бүгүн, 1-декабрда Өмүрбек Текебаевге чымыр денелүү белгисиз адамдар кол салган. Өмүрбек Текебаев «Парк Отель» мейманканасынын кафетерийинде отурган.

«Ата Мекен» партиясынын өкүлү Динар Турдугулованын айтымында, 3 бусик менен 100дөй чымыр денелүү белгисиз адамдар Өмүрбек Текебаевдин колунан көз айнеги менен телефонун жулуп кетишкен.

Көп өтпөй, Текебаев окуяга өзү комментарий берди жана шайлоонун жыйынтыгын тааныбагандарды коркутуу аракеттери болуп жатканын билдирди.

«Бандиттик башкаруу келип отурат. Тоого уурдап чыгып кетмей, өлтүрүп коймой, көмүп коймой. Шайлоо бүтө элек, жаңы башкаруу формасынын жүзүн көрүп отурабыз. Алар бүгүнкү бийликти колдойт экен. Жакшы бийлик, эл тандап алды деди… Бир башчысы качкандан кийин, калганы «байке, байке» деп туруп калышты. Садыр Жапаров мына ошол башчыларын таап, камашы керек. Камабаса өткөргөн шайлоосу менен абийири төгүлдү», — деди Өмүрбек Текебаев

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты