Өмүрбек Бакировдун ордуна келген депутат Равшанбек Рысбаев ант берди

  • 8 месяцев мурун

Бүгүн, 6-сентябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында Ош облусунун Араван районундагы Көк-Жар бир мандаттуу шайлоо округунан шайланып келген Равшанбек Рысбаев ант берди.

Ал мурдагы депутат Өмүрбек Бакировдун ордуна келди.

Равшанбек Рысбаев Өмүрбек Бакировду шайлоодо добуш сатып алууга айыптап, сотко доо арыз жазып келген.

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Өмүрбек Бакировго шайлоочулардын добушун сатып алуу боюнча айып коюлууда.

29-августта  Өмүрбек Бакировду сурак берүүгө Ош облустук ички иштер башкармалыгына алып барышкан.

7-июнда Бишкектин административдик соту №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган.

Борбордук шайлоо комиссиясынын бул округда шайлоо өткөнү тууралуу жана Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакировду депутат катары тааныган чечимдери да жокко чыгарылган.

18-августта Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Бакиров шайланып келген №4 Көк-Жар округу боюнча шайлоонун жыйынтыгын жокко чыгарган чечимди Жогорку Сот күчүндө калтырды.

2021-жылы 28-ноябрда өткөн аралаш системадагы шайлоодо Өмүрбек Бакиров парламентке депутат болуп шайланган. Саясий жарышка жалпы жети талапкер катышкан. Талапкерлердин бири, экс-депутат Равшанбек Рысбаев 2022-жылдын декабрында сотко кайрылып, Өмүрбек Бакиров шайлоодо добуш сатып алды деген жүйө менен анын мандатын жокко чыгарууну суранган.

Өмүрбек Бакиров соттун Равшанбек Рысбаевдин арызын канааттандырып койгонун “мыйзамсыз” деп сыпаттаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты