Өлкөдө 27 миң мугалимге ноутбук берилди

  • 3 месяца мурун

Кыргызстанда 27 миң мугалимге жаңы ноутбук берилди. Ноябрга чейин дагы ушунча берилет.

Бул тууралуу Агартуу министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Сатып алуу алдында жабдуулар үч айлык тестирлөөдөн өткөн. Ага ар кайсы аймактардан, анын ичинде шаардык жана айылдык мектептерден 220 мугалим катышты.

Кыргызстандын бардык мугалимдерине ноутбуктар 2024-жылдын жай айына чейин берилет деп убада кылынган. Бирок кийинчерээк биринчи этапта жабдыктарды STEM мугалимдери гана алаары белгилүү болгон. Ноутбук берүү мөөнөтү бир нече жолу жылдырылган.

Президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн Министрлер кабинетинин ошол ездеги төрагасы Акылбек Жапаровго, Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго, билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага жана башкаларга сөгүш жарыяланган.

“Өлкөбүздүн орто мектептеринин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет” деп Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде тапшырма берген. 

Буга чейин “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштагандыгы белгилүү болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: «Кыргызиндустриянын» Фейсбук баракчасынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты