№87 мектепте окуучуну урган мугалим милицияга жеткирилди. Мугалим кечирим сурады

  • 4 недели мурун

Социалдык тармактарга №87 мектептин мугалиминин окуучуну урган видеосусоциалдык тармактарга тараган. Бул факты Бишкек шаарынын Свердлов райондук ички иштер башкармалыгында (ИИБ) каттоого алынган.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын Свердлов райондук ИИБ билдирди.

Свердлов райондук ИИБ кызматкерлери тарабынан 1983-жылы туулган К.Д. аттуу мугалим кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген. Бул факты боюнча тергөө чейинки териштирүү иштери жүрүп жатат, тиешелүү экспертиза дайындалган. Таяк жеген окуучунун ата-энеси мугалимге арыз жазуудан баш тартты.

Окуяны К.Д. аттуу мугалим мындайча түшүндүрдү:

-14-январь күнү сабак өтүп жатып, окуучуларга теманы кайра-кайра түшүндүрүп берсем да, окуучу такыр жооп бере албай койгондуктан, ачууга алдырып, окуучуну чаап жибердим эле. Ошол видео социалдык тармактарга тарап, кыргыз элим нааразылык билдирип жаткандыктан, кыргыз элимден жана ошол окуучунун ата-энесинен кечирим сурайм,- деп билдирди мугалим.      

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы № 87 мектепте тартылган видео таралууда. Анда мугалим сабакта жооп бере албаган окуучуну урушуп, бетке, башка чапкылаганы көрүнөт.  

Учурда окуянын жагдайларын тактоо максатында Бишкек шаарынын мэриясынын Билим берүү департаменти тарабынан райондук билим берүү башкармалыгы менен бирге  87 мектепке ыкчам түрдө комиссиялык текшерүү уюштурулганын билдирди.

Бул окуя Агартуу министринин жеке көзөмөлүндө экени айтылды.

Сүрөт: Видео тасмадан алынды

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты