Бишкек мэри жана агартуу министри окуучу кол көтөргөн мугалимден кабар алды

  • 2 месяца мурун

Бишкек шаарында мэр Айбек Жунушалиев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучунун кол салуусунан жабыркаган №83 мектептин аскерге чейинки даярдоо мугалими Болатхан Карибжановду көрүп, ден соолугун сурады.

Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясы билдирди.

Алар мугалимдин абалынан кабар алып, колдоо сөздөрүн айтып, тезирээк сакайып кетишин каалады. Мындан тышкары, мэр менен министрдин жолугушуусунда мектеп окуучуларынын арасындагы агрессиянын деңгээлин төмөндөтүү жана ушундай окуялардын алдын алуу максатында ата-энелер менен кеңейтилген жыйын өткөрүү чечими кабыл алынды.

Ошондой эле коопсуздук чараларын күчөтүү жана билим берүү мекемелеринде видеобайкоо системаларын кеңейтүү боюнча сөз жүрдү.

Айбек Жунушалиев мэрия 2025-жылы борбор шаардын мектептеринде видеобайкоо системаларын орнотуу жана жаңылоо үчүн 160 миллион сом бөлгөнүн белгиледи.

Бишкек мэри жана агартуу министри окуучу кол көтөргөн мугалимден кабар алды
Бишкек мэри жана агартуу министри окуучу кол көтөргөн мугалимден кабар алды
Бишкек мэри жана агартуу министри окуучу кол көтөргөн мугалимден кабар алды

Бишкек шаарындагы №83 мектепте 69 жаштагы мугалимди 10-класстын окуучусу кол көтөргөн. Окуя Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында тергелүүдө.

1957-жылы туулган мугалим Болотхан Карибжанов ооруканада дарыланууда. Мугалимдин айтуучу боюнча, окуучуга сабакка көпчүлүк учурда катышпаганы жана окуусунун начардыгы боюнча эскертүү берген. Кийин мугалим спорт аянтчасында башка класска сабак өтүп жаткан учурда окуучу аны катуу уруп, түртүп жиберген. Мугалимдин ээси ооп, мектепке көтөрүп киришкенде гана эсине келген. “Тез жардам” менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан кийин палатага которулган.

Дарыгерлер мугалимдин мээси чайкалгандыгын, абалы орточо экенин билдирди.  

Окуя Бишкек шаарынын №83 мектебинде саат 11:30да болгон. 1957-жылы туулган мугалим Болотхан Карибжанов менен 2010-жылы туулган окуучу М.С. жаңжалдашып кеткени, мугалим ооруканага түшкөнү айтылат. Айрым маалыматтар боюнча, окуучу да ооруканада экендиги айтылууда.   

Социалдык тармактарда окуучу мугалимди катуу түртүп, ал жыгылып калганда, окуучулар тегеректеп калган видео тарап жатат.   

Сүрөттөр: Бишкек мэриясы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты