Келерки окуу жылы 15-сентябрда башталат

  • 2 месяца мурун

Келерки окуу жылы адаттагыдай 1-сентябрда эмес, 15-сентябрда башталат. Бул тууралуу Агартуу министри Догдургүл Кендирбаева маалымат жыйынында билдирди.

Министрдин айтымында, жаңы окуу жылы 15-сентябрда башталат. Бул — Шанхай Кызматташтык Уюмунун (ШКУ) саммитине жана Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу.

Ушул жылдын 31-август, 1-сентябрь күндөрү Бишкек шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммити өтөт. 2026-жылы VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 31-августтан 6-сентябрга чейин өтмөкчү.

Кыргызстанда окуу жылы адатта 1-сентябрда башталып, 25-майга чейин созулат.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты