Президент Минкаб төрагасы Акылбек Жапаровго, Байсаловго, Кендирбаевага жана башка жетекчилерге сөгүш жарыялады  

  • 3 недели мурун

Президент Садыр Жапаров Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго, бир катар мамлекеттик органдардын жетекчилерине жана Президенттин администрациясынын кызматкерлерине сөгүш жарыялады.

Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, президент Садыр Жапаров кол койгон тескемеге ылайык, билим берүү жана илим министрлиги тарабынан орто мектептердин мугалимдери үчүн сапатсыз ноутбуктарды сатып алууда жүктөлгөн эмгек милдеттерин тийиштүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төмөнкүлөргө:

– Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровго;

– Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловго;

– билим берүү жана илим министри Догдуркүл Кендирбаевага;

–билим берүү жана илим министринин санариптик өнүктүрүү боюнча орун басары Лира Самыкбаевага;

– Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальнигинин орун басары – тармактык саясат бөлүмүнүн башчысы Жипариса Рысбековага;

– Президенттин администрациясынын президенттин жана Министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын тармактык саясат бөлүмүнүн башкы эксперти Медербек Өмүрбековго сөгүш берилди.

“Өлкөбүздүн орто мектептеринин бардык мугалимдери ноутбук менен камсыздалышы кажет” деп Садыр Жапаров билим берүүнү санариптештирүү маселеси талкууланган кеңешмеде тапшырма берген. 

Буга чейин “Кыргызиндустрия” ачык акционердик коомунун туунду ишканасы «Кыргызэлектроника» ЖЧКсы өз өндүрүшүнүн негизинде Meken брендиндеги ноутбуктарды чогултуу процессин баштагандыгы белгилүү болгон.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты