Окуучудан токмок жеген мугалим ооруканада дарыланууда
- 3 недели мурун
- Видео
Бишкек шаарындагы №83 мектепте 69 жаштагы мугалимди 10-класстын окуучусу сабап койгон. Окуя Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында тергелүүдө.
1957-жылы туулган мугалим К.Б. ооруканада дарыланууда. Мугалим окуучуга сабакка көпчүлүк учурда катышпаганы жана окуусунун начардыгы боюнча эскертүү берген. Кийин мугалим спорт аянтчасында башка класска сабак өтүп жаткан учурда окуучу аны катуу уруп, түртүп жиберген. Мугалимдин ээси ооп, мектепке көтөрүп киришкенде гана эсине келген. “Тез жардам” менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан кийин палатага которулган.
Дарыгерлер мугалимдин мээси чайкалгандыгын, абалы орточо экенин билдирди.
Окуя Бишкек шаарынын №83 мектебинде саат 11:30да болгон. 1957-жылы туулган мугалим К.Б. менен 2010-жылы туулган окуучу М.С. жаңжалдашып кеткени, мугалим ооруканага түшкөнү айтылат. Айрым маалыматтар боюнча, окуучу да ооруканада экендиги айтылууда.
Социалдык тармактарда окуучу мугалимди катуу түртүп, ал жыгылып калганда, окуучулар тегеректеп калган видео тарап жатат.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




