Окуучулары агайы Болоткан Карибжановдун ал-абалынан кабар алышты  

Окуучулары Болоткан Карибжанов агайынын ал-абалын билгени ооруканага барышты. Алар агайынын аскерге чейинки даярдык сабагына окшотуп, баары тизилип, салам айтышты.  

Бишкек шаарындагы №83 мектепте 69 жаштагы мугалимге 10-класстын окуучусу кол көтөргөн. Окуя Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында тергелүүдө.

1957-жылы туулган мугалим Болотхан Карибжанов ооруканада дарыланууда. Мугалимдин айтуусу боюнча, окуучуга сабакка көпчүлүк учурда катышпаганы жана окуусунун начардыгы боюнча эскертүү берген. Кийин мугалим спорт аянтчасында башка класска сабак өтүп жаткан учурда окуучу аны катуу уруп, түртүп жиберген. Мугалимдин ээси ооп, мектепке көтөрүп киришкенде гана эсине келген. “Тез жардам” менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан кийин палатага которулган.

Дарыгерлер мугалимдин мээси чайкалгандыгын, абалы орточо экенин билдирди.  

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев жана агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева окуучунун кол салуусунан жабыркаган №83 мектептин аскерге чейинки даярдоо мугалими Болотхан Карибжановду көрүп, ден соолугун сурады.

Сүрөттө: Болотхан Карибжанов

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты