Депутат Кубанычбеков парламент жыйынында мугалимдердин укугун коргоо маселесин көтөрдү
- 1 неделя мурун
Бүгүн, 8-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Илимбек Кубанычбеков мугалимдерге зомбулук көрсөтүү маселесин көтөрүп, алардын кадыр-баркын көтөрүүнүн жолдорун сунуштады.
-Акыркы убактарда коомдо абдан кооптуу тенденция күчөп жатат, мугалимдерге ата-энелер тарабынан кол көтөрүү, орой мамиле кылуу, окуучулардын мугалимди сыйлабагандыгы, социалдык тармактарда мугалимдерди мазактоо – мунун баары жөн эле тартип маселеси эмес, бул мамлекеттин фундаментине урулган сокку деп билем. Эгер мугалимди сыйлабаган коом болсо, ал коомдун келечеги да күмөн болот,- деди депутат Кубанычбеков.
Депутат ошондой эле бүгүнкү күндө өлкөдө мугалимдердин мотивациясы төмөндөп жатканын, кесипке кызыгуу азайып бара жатканын айтып кетти. Мунун мисалы катары өлкөдө 947 мугалим жетишпей турганын билдирди.
Мугалимди Финляндия, Түштүк Корея, Япония сыяктуу мамлекеттерде абдан урматташканын мисал келтире кетти. Японияда мугалим коомдун эң урматталган катмары, императордой эле урматтоого ээ. Кээ бир өлкөлөрдө мугалимдерге кол көтөргөндөр жазаланат.
Депутат Кубанычбеков мугалимдерди өзгөчө статустагы коргоого алуу, ЖМКда мугалимдин образын көтөрүү, айлыгын көтөрүү, социалдык пакеттерди сунуштоо, жаш мугалимдерге ипотекалык үйлөрдү же жеңилдиктер менен турак жай берүү, олимпиада жеңүүчүлөрү болгон мугалимдерге бонус ыйгаруу ж.б. маселесин караштырууну сунуштады.
Ички иштер министрлигин мугалимге кол көтөрүү фактысы боюнча жоопкерчиликсиз калтырбоого чакырды. Кыргызстанда мугалим басым алдында, кадыры түшкөн абалда калганын айтты. Бул — билим берүү системасынын кризиси экенин белгилеп кетти. Так чечим кабыл алуу, коргоо боюнча механизм түзүү, мугалимге урмат-сый көрсөтүү керек. Депутат Агартуу министрлигинен жөн гана отчет эмес, реалдуу өзгөрүүнү талап кылды.
Мугалимди коргобосок, эртең билимдүү жаштарга таңсык болорубузду айтты.
Бишкек шаарындагы №83 мектепте 69 жаштагы мугалимди 10-класстын окуучусу кол көтөргөн. Окуя Бишкек шаарынын Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгында тергелүүдө.
1957-жылы туулган мугалим Болотхан Карибжанов ооруканада дарыланууда. Мугалимдин айтуучу боюнча, окуучуга сабакка көпчүлүк учурда катышпаганы жана окуусунун начардыгы боюнча эскертүү берген. Кийин мугалим спорт аянтчасында башка класска сабак өтүп жаткан учурда окуучу аны катуу уруп, түртүп жиберген. Мугалимдин ээси ооп, мектепке көтөрүп киришкенде гана эсине келген. “Тез жардам” менен оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылып, андан кийин палатага которулган.
Жакында Ош шаарында жеке мектептин мугалимине ата-эненин биринин кол көтөргөндүгү социалдык тармактарга тараган.
Сүрөт: Депутат Илимбек Кубанычбеков.




