Ленин шайлоо округу: Жамалбек Ырсалиев талапкер катары каттоодон өттү

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарынын бир мандаттуу №26 шайлоо окуругунан 6 талапкер каттоодон өттү.

Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы жарыя кылды.

Каттоодон өткөн талапкерлер: Алмаз уулу Аскар, Токтогул Какчекеев, Эртай Искаков, Турсунбай Бакир уулу, Сулайман Мамаев, Жамалбек Ырсалиев. Ал эми талапкер болууга БШКга арыз бергендердин саны — 30га жетти.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү  10-августта аяктайт.

Сүрөт: Талапкер Жамалбек Ырсалиев. БШК.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты