Ленин шайлоо округу: Лейла Саралаева, Токон Мамытов, дагы экөө шайлоого катышууга арыз берди

  • 9 месяцев мурун

Бишкек шаарынын бир мандаттуу шайлоо округу боюнча Жогорку Кеңештин депутаттыгына ат салышууга 9-августка карата дагы 4 талапкер БШКга арыз берди.  Алар — Токтокүчүк Мамытов, Лейла Саралаева, Нурсултан Абдуллаев, Абдивали Балтабаев. Ошону менен талапкерлердин жалпы саны 30га жетти.

28-майда Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин шайлоо округунда Жогорку Кеңештин депутатын мөөнөтүнөн мурда шайлоо өттү. АСУ маалыматы боюнча Дамира Ниязалиева 6242 шайлоочунун добушун же 35,83% добуш алганы маалымдалган. Бирок, 29-майдын кечинде талапкер Дамира Ниязалиеванын штабынын эки кызматкери кылмыш-жаза кодексинин “Шайлоочулардын добуштарын сатып алуу” беренесине шек саналып кармалган.

Борбордук шайлоо комиссиясы Бишкектин Ленин районунда өткөн Жогорку Кеңештин депутаттыгына шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп тапты. Мындай чечимди БШК 16-июнда өткөн жыйынында кабыл алды. Буга мыйзам бузууларга байланыштуу шайлоодо биринчи орунду алган Дамира Ниязалиеванын жана экинчи болгон Улан Сариевдин каттоосу жокко чыгарылганы негиз болду.

Бишкек шаарынын бир мандаттуу Ленин райондук №26 шайлоо округунда мөөнөтүнөн мурда кайра шайлоо 10-сентябрга белгиленди.

№26 Ленин бир мандаттуу шайлоо округу боюнча депутаттыкка талапкерлерди кѳрсѳтүү  10-августта аяктайт.

Сүрөттө: Талапкер Лейла Саралаева. БШК

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты