“Өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз”. Акыйкатчы БУУ өкүлдөрү менен жолугушту
- 2 месяца мурун
Акыйкатчы Жамиля Жаманбаева БУУнун туруктуу координатору Антье Граве жана БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссарынын Борбор Азиядагы аймактык өкүлү Матильда Богнер менен жолугушту.
Бул тууралуу акыйкатчы институту билдирди.
Анда сунушталып жаткан өлүм жазасын кайра кайтаруу жана Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын Экинчи факультативдик протоколунан чыгуу демилгеси талкууланды.
Акыйкатчы ИИМдин маалыматында аялдарга жана балдарга карата жасалган кылмыштардын саны жыл сайын 30 пайызга көбөйүп жатканын айтты. Ошону менен катары эле, 2024-жылы институтка келип түшкөн кайрылуулардын 64,1 пайызы сот жана укук коргоо органдарынын ишмердигине байланыштуу болгонун белгилеп өттү.
“Биз коомдун каргашалуу окуяларга болгон эмоционалдуу реакциясын түшүнүп жатабыз, бирок, өлүм жазасы көйгөйдү чечпейт деп эсептейбиз. Андан көрө, тергөөнүн сапатын жакшыртып, кылмышкерди жазадан качып кутулбасын камсыздап, алдын алуу чараларын күчөтүү зарыл”, — деп белгиледи Акыйкатчы.
Жамиля Жаманбаева омбудсмен институту өлүм жазасын кайтаруу боюнча сунуштарга өзүнүн пикирин, 2023-жылы Жогорку Кеңештин депутаттары Конституциялык сотко кайрылып, өлүм жазасына тыюу салууну кайра карап чыгууну сунушташканда билдергенин айтты. Андан бери институттун бул маселеге көз-карашы өзгөрбөгөнүн белгилеп өттү. Анткени, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине, тактап айтканда өлкө 2010-жылы ратификациялаган Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакттын өлүм жазасын жоюуга багытталган экинчи факультативдик протоколуна каршы келет.
БУУнун өкүлдөрү акыйкатчынын пикирин колдоп, өлүм жазасын кайтаруу Кыргызстандын эл аралык милдеттенмелерине каршы келерин эскертти. Аны менен бирге өлкөнүн эл аралык аброюна да терс таасирин тийгизерин кошумчалашты.
“Эгер өлүм жазасы кайра киргизилсе, өлкө эл аралык милдеттенмелерден олуттуу түрдө алыстайт. Жарандык жана саясий укуктар жөнүндөгү эл аралык пакт жана экинчи факультативдик протоколдон чыгуу жолдору каралган эмес. Бул келишимдерге кошулган өлкөлөр өлүм жазасы боюнча кайра кайтпай турган укуктук чечим кабыл алышкан” деди БУУнун туруктуу координатору Антье Граве.
«Кыргыз Республикасынын Конституциясына өзгөртүү киргизүү жөнүндө» мыйзам долбоору долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Аны президенттик администрация иштеп чыкты.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын ченемдик-укуктук актыларынын долбоорлорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталына жарыяланды.
Президент Садыр Жапаров балдарга, кыз-келиндерге карата жасалган кылмыштарга карата жоопкерчиликти күчөтүүнү караган өзгөртүүлөрдү мыйзамдарга киргизүү боюнча иш алып баруу тапшырмасын берди. Тактап айтканда, жаш балдарды зордуктагандарды өлүм жазасына тартуу, кыз-келиндерди зордуктап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу нормасын киргизүү.
Сүрөттө: Акыйкатчы институнун имараты




