“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун каржылоо үчүн макулдашууга кол коюлду

  • 2 месяца мурун

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземи өттү. Макулдашууга “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытайдын Банктар синдикаты кол койду. 

Бул тууралуу Министрлер кабинетинин сайтында маалымат жарыяланды.  

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолун куруу долбоорун каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземине катышты. 

Макулдашууга “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКсы (Биргелешкен долбоордук компания) менен Кытайдын мамлекеттик өнүктүрүү банкынан жана ЭксимБанкынан турган Кытайдын Банктар синдикаты кол койду. 

Белгилей кетсек, “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорунун баасы 4,7 млрд доллар деп бааланган. Бул сумманын тең жарымын Кытай 2,3 млрд доллардын тегерегиндеги каражатты үч өлкө түзгөн биргелешкен долбоордук компанияга 35 жылга насыя катары берүүдө.

Бул насыяны Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан мамлекеттеринин биргелешкен долбоордук компаниясы төлөйт. Ал эми, калган 2,3 млрд долларды үч мамлекет чогуу чыгарат, сумманын 51%зын Кытай берсе, Кыргызстан менен Өзбекстан ар бири 24,5%дан чыгарат. 

Анда сөз сүйлөгөн Төрөбаев, Кыргызстандын Министрлер Кабинети менен үч өлкө түзгөн биргелешкен долбоордук компаниянын ортосундагы инвестициялык макулдашуунун негизги милдеттеринин бирине ылайык, каржы маселелери 2025-жылдын 20-декабрына чейин толук камсыз кылынышы керектиги белгиленгендигин жана ал бүгүн аткарылып жаткандыгын билдирди. 

“Бул жетишкендик жогорку баага татыктуу жана үч өлкө түзгөн Биргелешкен долбоордук компаниянын эл аралык деңгээлдеги долбоорлорду ишке ашырууга даярдыгын ачык көрсөтүп турат” деди Төрөбаев. 

Өз кезегинде үч өлкө түзгөн “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолу компаниясы” ЖЧКнын башкы директору Чжоу Син, бул биргелешкен долбоордук компаниянын алдында чогулган каражаттарды натыйжалуу пайдалануу гана эмес, макулдашуунун милдеттенмелерин ишенимдүү жана өз убагында тейлөөнү камсыз кылуу маселесин ишке ашыраарын билдирди. 

 “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун курулушу техникалык-инженердик жактан татаал долбоорлордун бири. Анткени долбоордун алкагында жалпы узундугу 120 чакырымды түзгөн 50 көпүрөнүн жана 29 туннелдин курулушу каралган. Бул жалпы темир жолдун 40%зы туннелдерден жана көпүрөлөрдөн тургандыгын билдирет. Кыргызстандын аймагындагы “Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жолунун жалпы узундугу 304 чакырымдан ашат. 

2024-жылдын 27-декабрында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушунун башталышына старт берилген. Анда Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров, Кытай төрагасы Си Цзинпин, Өзбекстан президенти Шавкат Мирзиёев долбоордун башталышына байланыштуу кайрылуу жасашкан.  

“Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан” темир жол долбоорун каржылоо үчүн макулдашууга кол коюлду

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан эл аралык темир жолунун негизги объекттери делген туннелдин курулушунун башталышына арналган иш-чара өткөн. 

Иллюстрациялык баш сүрөт: Интернет булактарынан

Сүрөт: Каржылоо үчүн насыялык макулдашууга кол коюу аземинен. gov.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты