«Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушуна старт берилди

  • 7 месяцев мурун

Бүгүн, 27-декабрда «Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан» темир жолунун курулушунун башталышына старт берилди. Курулушту баштоо аземи Жалал-Абад шаарында өттү. Иш-чара «Ала-Тоо 24» каналында түз эфирде көрсөтүлдү.

Салтанаттуу аземге өлкө башчы Садыр Жапаров, Кытай Эл Республикасынын Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе, Өзбекстандын премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев, «Кытай темир жол» мамлекеттик корпорациясынын директорлор кеңешинин төрагасы катышты.

Кытай Эл Республикасынын президенти Си Цзинпиндин кайрылуусун аталган өлкөнүн Өнүгүү жана реформа мамлекеттик комитетинин төрагасы Жень Шанзе окуп, Кытай бул долбоорго катышкан жана колдоо көрсөткөн ар бир тарапка ыраазычылык билдирерин белгиледи. Ошондой эле Азия менен Европаны бириктирген бул кургак жол экономикалык жана социалдык өнүгүүгө чоң таасир этерин айтты.

Ал эми Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёевдин сөзүн өлкөнүн премьер-министринин орун басары Жамшит Ходжаев окуп, жаңы эл аралык транспорттук артерия түзүлүп жаткандыгын айтты. Ошондой ал аталган долбоорго катышкан өлкөлөр бул тарыхый окуяга 30 жылдан бери умтулуп келгенин билдирди.

Иш-чарада Садыр Жапаров да сөз сүйлөп, Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу – Чыгыш менен Батыш өлкөлөрүн байланыштыра турган маанилүү стратегиялык көпүрө болуп саналарын белгиледи. Анын айтымында жаңы темир жол коридору Евразиянын континенталдык көпүрөсүнүн түштүк бутагы болуп, Түштүк-Чыгыш, Батыш Азия жана Жакынкы Чыгыш мамлекеттеринин рынокторуна жол ачат. Ошондой эле Кытайдан Кыргызстанга, ошондой эле Борбор Азия жана Жакынкы Чыгыш өлкөлөрүнө, анын ичинде Түркияга жана андан ары Евробиримдикке жүк жеткирүүнү камсыздай алат. 

«Мен Кыргыз Республикасынын атынан өнөктөштөрүбүз – Кытай жана Өзбекстанга бул маанилүү долбоорду ишке ашырууга койгон ниети, кошо турган салымы жана туруктуу колдоосу үчүн терең ыраазычылык билдирем»,- деди өлкө башчы.

Эске салсак, ушул жылдын 6-июнунда Кытай, Кыргызстан жана Өзбекстан өкмөттөрү Темир жол куруу долбоорун биргелешип илгерилетүү жөнүндө макулдашууга кол коюшкан.

Ал эми Садыр Жапаров 27-июнда “Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан” темир жол долбоорун биргелешип илгерилетүүдө кызматташуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу» мыйзамга кол койгон.

Сүрөт: «Ала-Тоо 24»

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты