Ысык-Көлдүн Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясы курулат

  • 3 дня мурун

1-декабрда Министрлер Кабинети, энергетика министрлиги, Sonningdale Limited жана «РЭЦА» компанияларынын ортосундагы Инвестициялык макулдашуусуна кошумча макулдашууга кол коюлду.

Иш-чара энергетика министри Таалайбек Ибраевдин, инвестор өкүлдөрүнүн жана «РЭЦА» компаниясынын жетекчилигинин катышуусунда өттү.

Энергетика министрлиги билдиргендей, кошумча макулдашууга кол коюу Ысык-Көл районунун Тору-Айгыр айыл аймагынын Кызыл-Өрүк айылында күн электр станциясын куруу жана эксплуатациялоо долбоорун ишке ашыруудагы маанилүү этап болуп калды.

Жумушчулар үчүн убактылуу турак-жай куруу иштери аяктоодо, подстанциянын пайдубалы жана 110 кВ электр берүү линиясы куюлууда, ошондой эле күн панелдери үчүн кронштейндер орнотулууда.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты