Төө-Ашууга туннель куруу боюнча макулдашууга кол коюлду
- 3 дня мурун
Бүгүн, 2-декабрда, Бишкек-Ош автожолуна, Төө-Ашуунун аймагына курула турган «Келечек» аттуу ири альтернативдүү туннель куруу долбоору боюнча макулдашууга кол коюлду.
Бул тууралуу транспорт жана коммуникация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Иш-чарага транспорт жана коммуникация министри Абсаттар Сыргабаев, инвестициялар боюнча улуттук агенттик директору Равшанбек Сабиров жана «Тез Жол» компаниясынын башкы директору Нурлан Кайынбаев катышты.
Маалыматта белгиленгендей, тунель деңиз деңгээлинен 2200 метр бийиктикте жайгашып, узундугу 11,5 км болот, ал мамлекеттик-жеке өнөктөштүк (МЖӨ) механизми аркылуу ишке ашат. Долбоордо төлөм алуу эки пункту жана эки кичи ГЭС менен заманбап башкаруу системасы да каралган.
Көлбаев атындагы туннель деңиз деңгээлинен 3 200 метр бийиктикте жайгашкан. Ал эми, жаңы курула турган тоннель 1000 метрге ылдый болот. Ошондой эле жаңы багыт серпантиндин санын азайтат, бул аралыкты болжол менен 40 км чейин кыскартат. 640 млн АКШ доллар суммасындагы инвестиция толугу менен жеке өнөктөш тарабынан каржыланып, курулуш иштери дээрлик 5 жылда аткарылары пландалууда.
Жаңы альтернативдүү туннель өлкөнүн түндүк-түштүк транспорт байланышын чыңдап, климаттык шарттарга байланышкан тобокелдиктерди азайтып, жүк жана жүргүнчү ташууга жагымдуу шарт түзөрү белгиленди.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




