Улуттук банк кылмыштуу ишти каржылоого жана андай кирешелерди адалдоого каршы токтом долбоорун коомдук талкууга койду

  • 1 неделя мурун

Улуттук банк кылмыштуу ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди адалдоого каршы токтом долбоорун коомдук талкууга сунуштады. 

Бул тууралуу Улуттук банктын сайтында маалымат жарыяланды.

Токтом долбоору акчаны адалдоого жана терроризмди каржылоого каршы аракеттенүү боюнча эл аралык стандарттарга, мыйзамга ылайык келтирүү максатында иштелип чыккан.  

Токтом долбоору Улуттук банктын расмий интернет-сайтында «Улуттук банктын ченемдик актылары»/«Талкууга сунушталган долбоорлор» бөлүгүндө жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын долбоорун коомдук талкуулоонун бирдиктүү порталында жайгаштырылган.  

Кызыкдар болгон жактар токтом долбоору боюнча өз сын-пикирлерин жана сунуштарын 2025-жылдын 17-декабрынан кечиктирбестен [email protected] электрондук дарегине (Word форматында) жөнөтүүсү зарыл.  

Сүрөт: president.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты