Садыр Жапаров ылдам жүрүүчү поезд менен Тяньцзин шаарынан Бээжинге барды
- 11 месяцев мурун
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 2-сентябрда, Кытайга иш сапарынын жүрүшүндө Пекин шаарына барды. Бул тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.
Тяньцзинь шаарында мамлекет башчыны расмий узатуу аземи болуп өттү, ага кытай тараптын өкүлдөрү катышты.
Садыр Жапаров Кытайдын борборуна ылдам жүрүүчү поезд менен келди. Темир жол бекетинин аянтчасына килем төшөлүп, тосуп алуучулар жана Кыргызстан менен Кытайдын желектерин кармаган балдар катарга тизилишкен.
Сапардын жүрүшүндө Садыр Жапаров 3-сентябрда экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин 80 жылдыгына арналган парадга катышат, ошондой эле Кытай коомунисттик партиясынын катчысы Цай Ци менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.
Президент Садыр Жапаров 31-августта, Кытайдын төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу боюнча Тяньцзинь шаарына иш сапары менен барды.
Президент Садыр Жапаров 31-августта иш сапарынын алкагында Тяньцзин шаарында Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин менен жолугушту. Бир катар документтерге кол коюлду. КЭР төрагасы кытай компанияларын, анын ичинде «Тамчы» атайын каржы-инвестициялык аймагын жана «Ала-Тоо Резорт» туристтик комплексин түзүү долбоорлорун ишке ашырууга чакырууга даяр экендигин билдирди.



Сүрөттөр: president.kg




