Пекин тил жана маданият университетинде Чыңгыз Айтматовдун бюстунун ачылышы өттү

  • 1 месяц мурун

Президент Садыр Жапаров Кытайдагы сапарынын алкагында Пекин тил жана маданият университетинде кыргыз элинин залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун бюстунун салтанаттуу ачылыш аземине катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
 
Иш-чаранын алдында мамлекет башчысы университеттин Ардактуу конокторунун китебине жазуу калтырды.
 
Садыр Жапаров сөзүндө Чыңгыз Айтматовдун бюстунун орнотулушу анын дүйнөлүк маданиятка сиңирген эмгегин таануу символу гана эмес, Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий байланыштарды бекемдөөгө умтулгандыгынын далили экенин белгиледи.
 
“Пекин тил жана маданият университети, ар кандай маданияттардын жана идеялардын айкалышкан жери катары, мындай масштабдуу инсанды эскерүү үчүн эң сонун аянтча болуп саналат. Бүгүнкү иш-чара маданият мамлекеттерди жана элдерди бириктирип, тилдик, улуттук жана аймактык тоскоолдуктарды жеңүү үчүн уникалдуу жөндөмгө ээ экендигин эскертип турат”, – деди Садыр Жапаров.
 
Президент бул эмгек Айтматовдун идеяларын жана чыгармачылыгын изилдөөгө үндөп, жаш муундар үчүн илхам булагы болоруна ишеним билдирди.
 
“Ушул сыяктуу демилгелер жана долбоорлор өз ара урматтоого, ишенимге жана илим, маданият жана билим берүүдөгү кызматташтыкты тереңдетүү умтулуусуна негизделген бекем достугубуздун айкын далили. Пекин тил жана маданият университетинде эстеликтин ачылышы Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы маданий-гуманитардык кызматташтыкты чыңдоого олуттуу салым болуп, элдерибиздин достугунун бекем символу катары каларына ишенем”, — дейт мамлекет башчы.
 
Ал улуу жазуучу, ойчул, гуманист жана дипломат Чыңгыз Айтматовдун сөздөрүн окуп, бул сөздөр Кытай Эл Республикасы менен эки тараптуу кызматташуу менен жакшы байланышы бар экенин баса белгиледи: “Адамдар кандайдыр бир жалпы түйшүктөргө, кызыкчылыктарга, идеяларга жана ал тургай тынчсызданууларга батып турганда, алар бирдиктүү максатка багыт алып, жашоонун маңызын, баалуулугун, учурда болуп жаткан кырдаалдын баалуулугун бирдей түшүнө баштайт. Алар кээ бир жерде бири-биринен айырмаланып турса да, бирок ага карабастан, түшүнбөстүктү жеңип, өз ара түшүнүшүүгө жетишет. Ушундан улам экөө тең байыйт. Ошондуктан ар түрдүү аспектилерде өз ара түшүнүшүүгө умтулуу керек”.
 
Аягында президент Садыр Жапаров Кыргызстан эки өлкөнүн жана элдин гүлдөп-өнүгүшү жана бакубат жашоосу үчүн өз ара пайдалуу өнөктөштүк принциптерине таянып, ынак коңшусу жана ишенимдүү досу Кытай менен ар тараптуу кызматташууга умтуларын билдирди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты