Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен келди
- 2 месяца мурун
Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен Кыргыз Республикасына келди.
«Манас» эл аралык аэропортунан аны Министрлер кабинетинин төрагасы- Адылбек Касымалиев тосуп алды.
Аэропортто эки мамлекеттин туулары илинип, ардак кароол ротасы тизилип, килем төшөлдү.
Мурда айтылгандай, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаздын президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуулары пландаштырылган.
Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиясынын 12-жыйыны, ошондой эле кыргыз-түрк бизнес-форуму өтөт.
Ошондой эле 18-сентябрда Бишкек шаарында Түрк мамлекеттери уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын жана вице-президенттин жолугушуусу болот.
Сүрөт: gov.kg




