Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз келет
- 2 месяца мурун
17-сентябрда Кыргызстанга Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз расмий сапар менен келет. Бул тууралуу Министрлер кабинети расмий сайтында билдирди.
Сапардын алкагында Түркиянын вице-президентин президент Садыр Жапаров, Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев менен жолугушуусу пландалууда.
Мындан тышкары соода-экономикалык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык кыргыз-түрк комиссиясынын 12-жыйыны өткөрүлөт. Анда кыргыз-түрк кызматташтыгы талкууланат.
Ошондой эле Жевдет Йылмаз бизнес-форумга, кыргыз-түрк “Манас” университетинин 30 жылдыгына арналган иш-чарага катышат.
Сүрөттө: Жевдет Йылмаз. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




