Кыргызстанга Максим Бакиев келдиби? УКМКнын жообу
- 1 год мурун
Социалдык тармактарда Кыргызстандын бозгундагы мурдагы президенти Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев Бишкекке келгени, “Орион” мейманканасына жайгашканы, анысы ачыкка чыгып калгандан кийин орун которгондугу, аны атайын кызмат коштоп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар социалдык тармактарга жарыяланды.
Максим Бакиев чын эле Кыргызстанга келдиби? “Кактус медиа” басылмасы бул суроо менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетине кайрылган.
УКМК социалдык тармактарда Максим Бакиевдин Бишкекке келгендиги тууралуу маалымат чындыкка дал келбестигин билдирди. Эгер Максим Бакиев Кыргызстанга келе турган болсо, ал дароо кармалмак деп УКМК жооп берген.
Мындан үч жылдай мурда президент Садыр Жапаров социалдык баракчасы аркылуу Максим Бакиев тууралуу мындай деген:
«Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес».
Президент ошондой эле «Алексей Ширшов «Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат» дешкенинен кабыл алганын билдирген.
АКШнын Юстиция министрлиги мурдагы президент Курманбек Бакиев жана анын уулу Максим Бакиев Кыргызстандан чыгарып кеткен 4,5 млн. долларга жакын каражатты Кыргызстанга кайтарганын жарыялады.
Максим Бакиев бозгундагы мурдагы президент Курманбек Бакиевдин кичүү уулу. Кыргызстанды 2005-жылдан 2010-жылга чейин башкарган Курманбек Бакиев 2010-жылдын апрелиндеги элдик толкундоолордон кийин өлкөдөн чыгып кетип, ошондон бери үй-бүлөсү менен Беларустун борбору Минскиде баш калкалап келет.
Башкы прокуратуранын маалыматы боюнча, анын жеке өзүнө жана жакындарына каршы онго жакын факты боюнча айып тагылган.
Сүрөттө: Максим Бакиев. Интернет булактарынан




