Президент Жапаров:  «Башыңан ылдый алтын куям» деп чакырсаңар да Максим Бакиев келбейт

Президент Садыр Жапаров Алексей Ширшовдун айланасындагы сөздөр боюнча Фейсбук баракчасында маалымат берди.

-Ширшов боюнча элге жана ызы-чуу салып жаткандарга толук маалымат берип коеюн.

Биздин бардык иштерибизде жашыра турган эч нерсе жок. Баары мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн жасалып жатат.

Мындан 6-7 ай мурда мага жардамчыларым аркылуу Ширшов кайрылды. “Мен Максим Бакиевдин 200 миллион доллары камакта жаткан банкты таптым, Кыргызстанга кайтарсак болот, ушул боюнча мени кабыл алабы?” деп суранып жатат дешти.

“Ал издөөдө да, кантип кабыл алам” дедим. “Кыргызстанда бекен” десем, чет өлкөдөн телефон аркылуу чыгып жатканын айтышты.

Мен дароо баш прокурорго, УКМК, ИИМ жетекчилерине “2010-жылы кайсы жана кандай иштер боюнча кылмыш иши козголгонун билгиле” деп тапшырма бердим.

Жыйынтыгында баары Ширшовго бир дагы кылмыш иши козголбогонун айтып, издөөдө жок экени боюнча жооп беришти.

“Анда келе берсин, кабыл алам” деп кабыл алдым. 2010-жылы Убактылуу өкмөт Ширшовго иш козгобогондон кийин, демек кабыл алсам болот да. Ошол эле күнү 200 миллион долларды кайтаруу боюнча иш башталды. Андан бери бүгүнкү күнгө чейин 60-70 пайыз иштер бүтүп калды. Кудай буюрган күнү кайтарабыз.

Эсиңиздерде болсо, 2019-жылдын 20-мартында Максим Бакиевдин 4,5 миллион доллары ушундай жол менен кайтарылып, республикалык бюджетке келип түшкөн.

Андан сырткары, 2010-жылы Убактылуу өкмөттүн кайсы мүчөлөрү жана ошол кезде бийликте олтурган чоңдордун аты-жөндөрүнө чейин, Максимдин мүлктөрүн, анын ичинде “Аврора плюс” пансионатын мамлекетке өткөрбөстөн, талап-тоноп алгандарын, кайсы туугандарына каттатып алгандарына чейин айтып берди.

Мен ошол күнү эле УКМКга “баарын дыкат териштирип, пансионаттагы коттедждерди, батирлердин баарын мамлекеттин эсебине алгыла” деп тапшырма бердим. Бүгүнкү күнгө чейин Камчыбек Кыдыршаевичтин көзөмөлүндө кылмыш иши тергелүүдө. Ошол кылмыш иши боюнча көрсөтмө берип жатат.

Албетте, коттедждер менен батирлер жөнөкөй же арзан коттедждерден эмес. 27 коттедж, 69 батир бар экен. Бир коттедждин баасы 300 миң доллардын тегерегинде болсо, батирлердин ар бири 100 миң доллардын тегерегинде экен.

Бул жалаң чоңдор талап-тоноп алган коттедждер, арасында Убактылуу өкмөттүн мүчөлөрү да бар. Мен эмне үчүн элге бул маалыматты берип жатам? Себеби, ошол эле адамдар эч нерсе болбогондой, «Ширшовду чет өлкөдө кармаш керек болчу же камактан чыгарбаш керек!” деп, ач айкырык салып бийликти сындап жатышат.

Эми түшүнүктүү эле да. Чет өлкөдө кармасак, булар боюнча көрсөтмө бермек эмес. Иш жылбай, бүгүнкү күнгө чейин бир орунда тура бермек.

Жакын арада УКМК коттедждердин ээлерин аты-жөндөрү менен жарыялап, сотко жиберет. Чондор талап алган Максимдин мүлкү мамлекетке өтүш керек!

Ширшовдун өзүнө тиешелүү “Дастан” корпорациясын мамлекетке 100 пайыз өткөрүп алганбыз. Бүгүнкү күндө “Дастан” корпорациясы мамлекеттин карамагында ийгиликтүү иштеп, киреше берип жатат.

Максим чыгарып кеткен акчалар кайда экенин дагы кимдер билсе, келгиле, мамлекетке жардам берсеңер, камабайбыз.

Мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы үчүн пайдаланабыз жана кызматташабыз. Эң негизгиси — мамлекеттик иштерге аралаштырбайбыз. Элдин мүлкүн уурдатпайбыз. Мамлекеттин кызыкчылыгына каршы иштейсиңби, жооп бересиң. Ушундай принцип.

Мага биринчи кезекте мамлекеттин, элдин кызыкчылыгы жогору турат, башкасы кызыктырбайт.

“Оппозиция эмне дейт, НПОчулар эмне дейт?” деп кылчактап олтурбайбыз, алдыга жыла беребиз. Бир үй-бүлөнү тыңгылыктуу бага албаган анча-мынча акылдуулар акыл үйрөтпөй эле койсо.

Ал эми “кийинчерээк Максим Бакиев да келет” деп ач айкырык салып жаткандарга көңүл бурбагыла. Максим Бакиевди “башыңан ылдый алтын куябыз” деп чакырсаңар да келбейт, ал анчалык акылсыз эмес, -деди Садыр Жапаров.

“Дастан” ишканасынын мурдагы жетекчиси Алексей Ширшовдун бөгөт чарасы 10-майда Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралды. Ал 26-майга чейин үй камагына чыгарылды.

Ширшов коррупцияга шектелип 10-майда кармалганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) билдирген.

УКМК билдиргендей, Ысык-Көл райондук жана облустук, Бишкектин жана Чүй, Ысык-Көл облустарынын район аралык, Жогорку соттордун жана президенттин иш башкармалыгынын, мамлекеттик мүлк фондунун, мамлекеттик каттоо кызматынын кызмат адамдары катышкан коррупциялык схема түзүлүп, кымбат баалуу 56 батир жана 27 коттедж жеке структуралардын карамагына өткөрүлгөн.

Атайын кызмат буга чейин кармалгандардан тышкары бул иште негизги уюштуруучулардын бири Алексей Ширшов болгонун, бул топ мамлекеттик жана сот органдарындагы жогорку деңгээлдеги кызмат адамдарына акча жана кыймылсыз мүлк, анын ичинде «Аврора Плюстун» мүлкүнөн берип, алардын калкалоосуна ээ болгону тууралуу далилдер аныкталганын маалымдаган.

УКМК бул коррупциялык схема аркылуу мамлекетке ири өлчөмдө зыян келтирилгенин белгилеп, чогултулган далилдердин негизинде Алексей Ширшов жазык кодексинин “Коррупция” беренесинин негизинде шектүү катары кармалганын жана атайын кызматтын тергөө абагына киргизилгенин билдирген.

Депутат Жанар Акаев бүгүн, 11-майда, Жогорку Кеңештин жыйынында Алексей Ширшовдун сот тарабынан бошотулушуна байланыштуу Кыргызстандын коррупция менен күрөшкөнү ушулбу деп сын пикир айтты:

-Ширшов деген фамилия бул коррупциялык схема деген сөздүн синоними. Ошондой киши (Интерпоодун, Кыргызстандын күч органдарынын издөөсүндө жүргөндүгүнө карабастан) акыркы бир жылдан бери Кыргызстанга кенен-кесир кирип жүргөн. Энергетика тармагындагы коррупциялык схеманын түзүүчүсү кечээ жарым сутка камалып туруп, кайра кое берилди. Эмне, коррупцияга каршы күрөш ушубу Кыргызстанда? Ширшовдун схемалары кайрадан иштеп баштадыбы? Эмне үчүн ушундай маселелерде мамлекеттик бийлик, күч органдарынын жетекчилери катуу туруп, элдин суроо талабын укпайт? Бул коррупция менен күрөшүүгө көө жапты,-деди Жанар Акаев.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты