Кыргызстанга келерки жылы ажылыкка 6060 орун бөлүндү. Дагы кошумча орун суралууда

  • 9 месяцев мурун

2024-жылы ажылыкка барууга Кыргызстанга 6060 орун бөлүндү. Дагы кошумча орун суралууда.

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы (КМДБ) билдиргендей, 2024-жылдагы ажылыкты уюштуруу штабынын төрагасы Самидин Атабаев, КМДБнын ажылык-умра бөлүмүнүн башчысы Жолдошбек  Абдылдаев жана адис Дастан Нукунов Сауд Арабия падышачылыгынын ажылык министрлигинин алдындагы ажылыкты уюштуруу башкы башкармалыгынын директору Бадир Ал-Сулами менен жолугушту.

Маалыматтта айтылгандай, жолугушууда келерки жылдагы ажылыкты уюштуруу, жаңы талаптар, мыйзамдар жана эрежелер боюнча пикир алышты. Бадир Ал-Сулами Кыргыз Республикасына 6060 квота бөлүнгөндүгүн айтып, 2024-жылы Мина, Арафат жана Муздалифа өрөөндөрүн тейлөөдө 17 мекеме иш алып бара тургандыгын айтты..

«Быйыл расмий 6060 квота берилди. Буюрса Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Замир Ракиев менен макулдашып, кошумча дагы квота сурап жатабыз. Эң негизгиси ажылыкка жакшы даярдык көрүүнүн аракетинде бир катар жолугушууларды өткөрүүдөбүз» деди штаб төрагасы

2024-жылы  Кыргызстандан Сауд Аравиясынын Мекке шаарына ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 9-ноябрдан башталат.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты