Меккеге ажылык сапарга катталуу 9-ноябрдан башталат

  • 6 месяцев мурун

2024-жылы  Кыргызстандан Сауд Аравиясынын Мекке шаарына ажылыкка барууну каалаган талапкерлерди каттоо 9-ноябрдан башталат.

Бул тууралууу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы кабарлады.

Маалыматта айтылгандай, ажылыкка каттоо  20-ноябрга (20-ноябрды кошо эсептегенде) чейин созулат.

Жаңы талапкерлер баштапкы 2000 АКШ доллар жана кайтарымсыз 1000 сомду төлөп, каалаган аймактык операторлорго (жашаган аймагына карабастан)  КМДБнын түзүмүнө квитанциясын жана каттоого тиешелүү иш- кагаздарды тапшыруусу зарыл экендиги белгиленди.

Эгер, 2023-жылдын 20-ноябрына чейин  орундар (квота)  толуп калса, каттоо  мөөнөтүнөн мурда токтотула турганы да эскертилди.

Сауд Аравиясы келерки жылдагы ажылык сапар үчүн Кыргызстанга 6,5 миңдей квота берет. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Самидин Атабаев 25-октябрда билдирди.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты