Кыргызстанга 2025-жылдагы ажылык үчүн 6060 квота берилди

  • 1 месяц мурун

2025-жылдагы ажылык иштерди уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюлуп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгени жарыяланды.

Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргендей, бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Абдулазиз Закиров менен Сауд Араб падышачылыгынын ажылык министринин орун басары доктор Абдель Фаттах бин Сулейман менен жолугушуу учурунда айтылып, 2025-жылдагы ажылык сапарды уюштуруу маселеси талкууланды.

2025-жылдагы ажылык иштерин уюштуруу боюнча келишимдерге кол коюп, Кыргызстанга 6060 ажылык квота берилгенин жарыялашты.

2024-жылы ажылыкка барууга Кыргызстанга 6060 орун бөлүнгөн. 2024-жылы ажылыкка баруунун акысы 3750 АКШ доллары деп бекитилген.

Ажылык – ислам дининдеги негизги беш парздын бири. Бул учурда дүйнөнүн булуң-бурчунан мусулмандар Сауд Арабиясынын Мекке жана Медина шаарларына зыяратка барышат.

Сүрөт: Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты