Кыргызстандын МинКаб төрагасы, Өзбекстан жана Тажикстандын премьер-министрлери жолугушту
- 1 неделя мурун
Бүгүн. 8-январда, Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов жана Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзоданын үч тараптуу жолугушуусу болду.
Бул тууралуу МинКаб сайтында маалымат берилди.
Үч мамлекеттин өкмөт башчылары — өлкөлөр соода жана логистикадан тарта суу-энергетикалык жана маданий-гуманитардык байланыш, чек ара жана аймактар аралык кызматташтыкты өнүктүрүү маанилүү роль ойноорун белгилешти.
Ошондой эле жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстан менен Өзбекстандын мамлекеттик чек арасын делимитациялоо процессинин аякташы белгиленип, “Кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасы жөнүндө” келишимге ратификациялык грамоталардын алмашылганы айтылды.
Ал эми Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамлекеттик чек арасы тууралуу 2024-жылдын 4-декабрындагы макулдашууда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган аймактарын сыпаттоо толук бүткөрүлгөнү абдан маанилүү экени, эми жумушчу топтор жыйынтыктоочу документтерди даярдоону тез арада иштеп чыгуусу керектиги белгиленди.
Өкмөт башчылар жолугушуунун жыйынтыгында бүгүнкү отурум элдердин жана өлкөлөрдүн жыргалчылыгы үчүн аймактын кийинки ондогон жылдардагы тагдырын алдын ала аныктаарына ишенишээрин, үч мамлекет башчыларынын алдыда боло турган жолугушуусу өлкөлөр ортосундагы жакшы коңшулук мамилелерди жана көп кырдуу өнөктөштүктү өнүктүрөөрүн белгилешти.
Жолугушуу Баткен облусунун, Өзбекстандын Фергана облусунун, Тажикстандын Согди облусунун аймактарындагы бул үч өлкөнүн мамлекеттик чек араларынын тогошкон чекитинде өткөрүлдү.
Буга чейин Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов, Тажикстандын премьер-министри Кохир Расулзода 8-январда жолугушары маалымдалган.
Сүрөт: gov.kg