Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын өкмөт башчылары чек ара маселесин талкуулашат

  • 1 месяц мурун

Министрлер кабинети Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев, Өзбекстандын Премьер-министри Абдулла Ариповдун, Тажикстан Республикасынын Премьер-министри Кохир Расулзода 8-январда жолугушарын маалымдады.

Өкмөттүн басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, жолугушууда үч өлкө буга чейин жетишилген чек ара маселелерине байланышкан макулдашуунун айланасында сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт.

Эске сала кетсек, 2024-жылы 4-декабрда кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселеси боюнча өкмөттүк жумушчу топтор бардык тилкелер боюнча тактоо иштерин аяктаган. Жумушчу топторго кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмалар берилген.

Ал эми, Президент Садыр Жапаров чек арадагы талаштуу жерлер тең жана эки өлкөнүн кызыкчылыктарын эске алуу менен бөлүнгөнүн билдирген.

Кыргыз-өзбек чек арасы боюнча делимитация жана демаркация жараяны 2023-жылы аяктаган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты