Кыргызстандын дагы бир “МИ-8” тик учагын Өзбекстан капиталдык оңдоодон өткөрдү  

  • 6 месяцев мурун

Өзбекстандын “Чирчик авиациялык оңдоп-түзөө заводу” мамлекеттик ишканасы Кыргызстандын –“МИ-8 МТВ” тик учагын толук капиталдык ремонттон өткөрүп берди.

Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында билдирди.

“Кечээ жакында эле Өзбекстандын тиешелүү түзүмдөру аталган тик учагыбыз толук ремонттолуп бүткөнүн кабарлашкан. Биздин тармактык министрликтин адистери өткөрүп алып, “Чирчик-Ош”, “Ош-Бишкек” каттамы менен алып келип, тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр экенин билдиришти” деди президент Жапаров.

Маалыматта айтылгандай, ремонт иштерин гуманитардык негизде Өзбекстандын Коргоо министрлиги мойнуна алган.

Кечээ жакында Өзбекстандын тиешелүү түзүмдөру аталган тик учагыбыз толук ремонттолуп бүткөнүн кабарлашкан. Биздин тармактык министрликтин адистери өткөрүп алып, “Чирчик-Ош”, “Ош-Бишкек” каттамы менен алып келип, тик учак толук кандуу өз ишин аткарууга даяр экенин билдиришти.

Буга чейин Беларусь лидеринин көмөгү астында МИ-8МТВ-1 тик учак ал жактан ремонттолуп алып келингендиги кабарланган.

Сүрөт: Социалдык тармактан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты