Садыр Жапаров Таласка беларустар оңдоп берген «МИ-8» тик учагы менен барган  

  • 6 месяцев мурун

«Беларусь Республикасынын лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик» деп билдирди президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасында.

-2016-жылы Орусия тарабынан Кыргызстанга МИ-8МТВ-1 тик учагы берилген экен. Тик учак туура бир жылдан кийин, 2017-жылы бузулуп, ошол бойдон ушу кезге чейин ар кандай себептер менен ремонттолбой туруп калат.Беларусь Республикасынын лидеринин көмөгү астында адистери менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп, МИ-8МТВ-1 тик учагыбызды ал жактан толук бойдон капиталдык ремонттон өткөрүп келдик. Ошентип, тик учактарыбыздын саны дагы бирге көбөйдү.

Буга байланыштуу, мен Беларустун Президенти Александр Лукашенкого өтүнүчүбүздү дароо кабыл алып, канааттандыргандыгы үчүн терең ыраазычылыгымды билдире кетейин, -деди Садыр Жапаров.

Ошол оңдолгон тик учак менен мамлекет башчы Таласка барып келгенин билдирди:  

. Талас облусуна болгон иш сапарыма дал ушул тик учак менен барып келдим. Биздин адистер ремонт мыкты болуптур деп баасын беришти, -деди президент.   

21-октябрда президент Садыр Жапаров Талас облусуна болгон иш сапарынын алкагында Айтматов районундагы Кызыл-Адыр айылында жаңы көп функционалдуу “Асыл” спорт комплексин ачты.

Сүрөт: Фейсбук баракчасынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты