Кыргызстанда мобилизация жөнүндө мыйзамга өзгөртүү киргизүү сунушталды

  • 2 года мурун

Жогорку Кеңештин депутаттар тобу Кыргызстанда мобилизацияга байланыштуу мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү сунуштоодо. Парламенттин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети 3-октябрда сунушталган өзгөртүүлөрдү карап, биринчи окууда кабыл алды.

Демилгечи депутаттардын бири Марлен Маматалиевдин айтымында, документте зарыл болгон учурда мобилизицияга барууну каалагандарга мыйзамдын негизинде мүмкүнчүлүк түзүү маселеси камтылган.

«Баткенде эл менен жолукканда керектүү маалда өз каалоосу менен мобилизация боло турган норманы суранышты. Экинчиден, жаш курагы боюнча категорияны алып салуу. Ошол жерде бир топ тажрыйбасы бар, аскердик жактан даярдыгы бар мергенчилер бар экен. Бирок алар мобилизацияга туш келбейт. Анткени бизде жоокерлердин, офицердик курамда жашы боюнча чектөөлөр бар. Айрым учурларда чек аралаш аймактарда деп өзүнчө киргизип жатабыз, ошол жакта керек болгон учурда жаш курагы боюнча чектөөнү алып салууну сунуштап жатабыз. Биз аларга мыйзам менен мүмкүнчүлүк беребиз».

Мындан тышкары курал берүүгө байланыштуу мыйзамга да өзгөртүү киргизүү сунушталууда.

Депутат Адахан Мадумаров мыйзамды кайсы бир райондорду гана эмес, Кыргызстандын бардык чектеш аймактарына ылайык келгидей өзгөртүү зарылдыгын айтты. Кундузбек Сулайманов мобилизация боло турган жарандардын жашын так белгилеп коюуну сунуштады. Эл өкүлү 60-65 жашка чейин деп көрсөтүү зарыл экенин айтууда. Маматалиев бул маселени Коргоо министрлиги аныктай турганын белгиледи.

Мыйзам актыларына өзгөртүү киргизүүнү демилгелеп чыккан депутаттардын арасында Марлен Маматалиевден тышкары Талант Мамытов, Нурбек Сыдыгалиев, Мурадил Сыдыков, Сүйүнбек Өмүрзаков, Жаныбек Абиров, Фархат Исмаилов, Айбек Маткеримов, Шайырбек Ташиев, Алишер Козуев, Жеңишбек Токторбаев, Ырысбек Атажанов, Өмүрбек Бакиров, Мирлан Самыйкожо, Чыңгыз Ажибаев, Нурлан Азыгалиев, Жалолидин Нурбаев, Нурланбек Ражабалиев, Максатбек Сарбагышев, Акбөкөн Таштанбеков жана Тазабек Икрамов бар.

14-17-сентябрдагы чек арадагы куралдуу кагылышуудан жабыркаган ишканаларды жер жана мүлк салыгынан бошотуу жергиликтүү кеңештерге сунушталууда.

Финансы министрлигине Социалдык фонддогу кемиген каражаттын ордун толтуруу милдети тапшырылат.

Тажикстандын Кыргызстанга кол салуусунан 640 турак жай зыян тарткан. Анын 423ү такыр жашоого жараксыз болуп калган, 217 үй оңдолуп-түзөлүшү керек.

Андан сырткары, 11 административдик, стратегиялык объектилер, 323 мал сарай, сегиз мектеп, эки бала бакча, үч фельдшердик-акушердик пункт зыян тарткан. 197 жашоо тиричилик камсыздоочу объектилер талкаланып, өрттөлгөн. Ак-Суу дарыясындагы узундугу 36 метрлик унаа өтүүчү көпүрө жардырылып, 27 автоунаа өрттөлгөн же талкаланган. Кыргыз бийлиги жаңы үйлөрдү эки-үч айда курууну убада кылууда.

Министрлер кабинети  Баткенге жалпысынан 3 миллиард сом бөлүнгөнүн маалымдаган.  

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты