Матчество. Атанын эмес, эненин баласы

Үстүбүздөгү жылдын февраль айында балдар жазуучусу Алтын Капалова өз балдарына матчество бергендиги үчүн үстүнөн сот иши козголгондугун социалдык тармактардын биринде айтып чыккан. Бул окуя коомдо бир топ талкуу жаратып, айымдардын укуктары дагы бир тараптан чектелгенин далилдеди көрүнөт. Бир нече айга созулган бул соц процесси Алтын Капалованын утулушу менен аяктаган. Негизи матчество деген эмне? Башка өлкөлөрдө балдарга матчество берсе болобу? ПолитКлиника медиасы аталаган тема алкагында анализ жасап көрдү.

Балдар жазуучусу Алтын Капалова өзүнүн билдирүүсүндо мамлекетке таарынычын билдирип, мындай деп жазган: “Балдарга матчество бергеним үчүн мамлекет мени сотко берди.

Урматтуу мамлекет, башка жасай турган ишиң жокпу? Менин мектептеги уулдарымдын билими, кызымдын эрте курактагы билими менен алектенгиң келбейби? Алардын фамилиясына, матчествого кийилигишкенден башка иш жокпу?

Эмне үчүн мен, алардын энеси, сенден же башка бирөөдөн жардам сурабай, балдарымды жалгыз тарбияласам, аларга менин фамилиямды жана атымды бере албайм?

Кыргыз мамлекети, сен менин иштөөмө, жаратмандыгыма жол бербейсиң”, — деп калтырган.

Социалдык тармакта бул маселе катуу талкууланып, көпчүлоү колдонуучулар тараптан колдоо тапкан.

Матчество. Атанын эмес, эненин баласы

Мохира Дильбаровна: “Мен көптөн бери бул нерсе жөнүндө кыялданып келгем. Мен алып жүргөн фамилия менен атамдын атынын (отчество) менин жашоомдо эч кандай орду болгон эмес. Мен алар менен бир ат бөлүүшүүнү каалбайм”,-деп жазган.

Сүрөтчү Татьяна Зеленская бул окуяга байланыштуу сүрөтүн жарыялаган:

Матчество деген эмне?

Матроним (матчество)- балага атасынын атынын ордуна эненин аты берилиши. Матроним эненин аты аркылуу өтүп, патронимдин (отчество) карама каршысы.

Скандинавия өлкөлөрүндө баланын фамилиясы катары энесинин аты колдонулган. Энесинин атына балдар үчүн — son (уул), кыздар үчүн -dotter (кыз) мүчөлөрү уланган.

Мисалы: Свен Эстридсен (Даниянын 1047-1074-жж падышасы) даниялык ханыша Эстрид Свенсдоттердин уулу болгон.

Ал эми юрист Таттыбүбү Эргешбаева матчествого жол бербеген мыйзам жок экенин айткан: “Биз эксперттер тобу менен бул маселе үстүнөн анализ жасап жатабыз. Жакында укуктук жактан баа беребиз. Мыйзам матчествого тыюу салбайт”,- деп билдирген.

Матроним буга чейин эле берилип келген

Тарыхка карасак буга чейин деле дүйнөнүн ар кыл бурчунда матронимдер колдонулуп келген. Европалыктар, анын ичинде ак сөөктөрдүн өкүлдөрү,патроним ордуна матроним алып жүргөн мисалдар бар. Демек, матронимдер 21-кылымда эмес, күчтүү патриархаттын астында пайда болгон.

Матроним эки учурда берилген. Биринчиси: эгерде эне жогорку статуска ээ болсо же ал баланын жашоосунда атасына караганда көп орун ээлесе. Матронимдерди аталары статусу боюнча энелеринен төмөн болгон жаш боярлар жана княздар кабыл алышкан. Ошондой эле баласын атасынын катышуусу жок чоңойткон жесир аялдардын балдарына матроним берилген.

Мисалы:Англис падышасы Генрих IIни FitzEmpress — «императрицанын уулу» деп аташкан. Монарх атасынын наамы энесинин наамынан төмөн болгондуктан, эненин балдары деп көрсөтүү пайдалуу болгон.

Экинчиси: никесиз төрөлгөн балдарга. Байыркы Русь та никеси жок мамиледен, же атасы белгисиз төрөлгөн балдарга энесинин атын беришкен.

Испанияда жана башка испан тилдүү өлкөлөрдө балага төрөлгөндө эки фамилия берилет: биринчиси атасынын биринчи фамилиясы, экинчиси энесинин биринчи фамилиясы. Эгерде атасынын фамилиясы көп кездешсе, анда чыгармачыл кесиптердин өкүлдөрү Пабло (Руис) Пикассо, Федерико (Гарсия) Лорка же Антонио (Домингес) Бандерас сыяктуу экинчи, башкача айтканда, эне фамилияларын колдонушат. Испаниянын заманбап мыйзамдары ата-энелерге баланын төрөлгөндө эки фамилиясынын тартибин тандап алууга мүмкүнчүлүк берет.

Матронимге байланышкан фамилиялар

Улуу Британияда мурун матронимдерден келип чыккан фамилиялар, атап айтканда Битон (Beaton), Хиллиард (Hilliard), Мегсон(Megson) бар.

Энелердин аттарынан которулган фамилиялар румиялыктар арасында да белгилүү. Мисалы: Аиоаней (Aioanei), Абабей/Абабий (Ababei/Ababii), Акатриней (Acatrinei), Аилинкэй (Ailincăi)

Катин, Аннушкин, Алёнин, Аленин, Татьянин сыяктуу орустарда дагы фамилиялар кездешет.

Матронимдерден түзүлгөн украин фамилиялары дагы бар. Мисалы, Катеринич, Хиврич, Маринич

Украина матронимге жол берген мыйзам кабыл алган

Азыркы учурда матроним берүүнүн үчүнчү себеби пайда болду. Баладан баш тарткан атасынын фамилиясын берүүнү каалабаган аялдар балдарына өзүнүн атын беришет.

Россия мамлектинде айымдардын мындай практикасы катталып келет. Айымдарга бул кадамга уруксат берген түзмө-түз мыйзам долбоору жок. Үй-бүлө кодексине таянуу менен, ЗАГСтын кызматкерлери аялга окшош эркек ысым берүүнү талап кылышып, ушул учурда гана баланы матроним менен каттоогоболорун айтышат. Мисалы, эгер апасынын аты Юлия болсо, анда ал Юлий деген эркектин аты бар экенин айтыш керек. Ушунун негизинде балага Юлиевич деген фамилияны берүүгө болот.

Украина мамлекетинде 2020-жылдын 3-июнда Жогорку Рада өзүнүн жалпы жыйынында No2450 мыйзам долбоорун кабыл алган. Анын жардамы менен украиналыктар фамилиясын гана эмес, атасынын атын дагы өзгөртө алышат.

Кыргызстанда матронимге байланыштуу кандай мыйзамдар бар

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында «матроним» деген түшүнүк жок, бирок «атасынын аты»(отчество) бар. Кыргыз Республикасынын “Жарандык абалдын актылары жөнүндө” Мыйзамынын 5-главасында фамилиясын, атын жана атасынын атын өзгөртүүнү мамлекеттик каттоо маселелери каралат. Андагы 30-берененин 1-статьясында “Атасынын атын өзгөртүү атасынын, асыроочунун, өгөй атасынын же чоң атасынын жана таятасынын аттары боюнча жүзөгө ашырылат” деп көрсөтүлгөн. Эгерде аял балдарына атасынын атын бергиси келбесе же атасы аталык укуктарынан ажыратылган болсо анда атасынын атына сызыкча коюлат.

Мамлекеттик каттоо кызматы жогоруда айтылган мыйзамды бузгандыгы үчүн Алтын Капалованын үстүнөн сотко кайрылган. Бир нече айга созулган бул сот процесси коомдо каттуу талкуу жаратып, матчествого башка өңүттөн кароого түрткү болгон. Бирок жыйынтыгында Октябрь райондук соту Алтын Капалова балдарынын атасынын атын өз фамилиясына өзгөртүү чечимин жокко чыгарып, атасынын атын калтыруу чечимин кабыл алды.

Алтын Капалова өзүнүн нааразычылыгы жана күйүтү менен фейсбук баракчасы аркылуу бөлүшкөн. Анда сот процесси муну менен бүтпөгөнүн, мындан ары да күрөшөөрүн жазган:

«Мен кече сотто утулуп калдым. Мамлекет балдардын документиндеги эненин атын кылмыш деп чечти. Сот кирүүнү жокко чыгарып, балдарымдын документтеринен менин атымды алып салуу жана атасынын атын кайтаруу чечимин чыгарды.

Албетте, мен жөн эле бирөөнүн төрөт аппаратымында. Эмнеге менин атым жүрөгүмдүн астында көтөрүп, азаптан төрөп, жалгыз өзүм тарбиялап келе жаткан балдарымдын документтеринде болушу керек? Алардын документинде менин атым болгудай мен ким элем?

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты