Кыргызстанда электр энергиясы кымбаттады
- 2 месяца мурун
Кыргызстанда 1-майдан тартып электр энергиясынын тарифтери 27 тыйынга кымбаттады.
Мындан ары керектөөчүлөр 1 кВт/с үчүн төмөнкүдөй төлөйт: 700 кВт/саатка чейин колдонгондор үчүн — 1,64 сомдон (буга чейин 1,37 сом болчу), 700 кВт/сааттан жогору пайдалангандар 2,94 сомдон (буга чейинки баасы 2,60 сом) аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн 700 кВт/саатка чейин — 0,50 тыйындан (өзгөрүү жок) социалдык жана коомдук жайлар — 2,96 сомдон (буга чейинки баасы 2,62) өнөр жайлар— 3,65 сомдон (буга чейинки баасы 3,34) коммерциялык жайлар — 4,33 сома (буга чейинки баасы 3,96) бюджеттик уюмдар — 4,62 сомдон (буга чейинки баасы 4,9) энергияны көп талап кылган объектилер — 6,84 сомдон (жаңы тариф) электромобилдердин кубаттаган станциялар — 5,99 сомдон (жаңы тариф).
Кыргыз Республикасынын 2025-2030-жылдарга карата электр энергиясына орто мөөнөттүү тарифтик саясат бекитилген.
Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан




